Кыргыз тилибиз – байыркы тил. Элдин байыркы замандан берки тажрыйба, билими, тарыхы, акыл-казынасы топтологон чыгармалар да эне тилдин кучу менен бизге жетип келгендигин, тилибиздин улуулугун даназалаган ” Эне тилдин баалуулугу” аттуу куратордук саат, 2020- жылдын 22 – сентябрында ” Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жонундо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алгандыгынын 31 жылдыгына карата, БатМУ САИнин Пк-1-20 окуу тайпасынын куратору ,З.А. Расулова тарабынан ZOOM тиркемеси аркылуу отулду. Жогоруда аталган куратордук саат рухий дуйнобузду байыткан кыргыз адабий китептериндеги соз берметтеринин маансин чечмелоо менен оозеки кепте жаштардын дайыма максатсыз колдонуп келген жаргондук создорунун ордуна, нукура кыргыз тилиндеги создорду пайдалануу , айтыла турган ойдун маанисин так жана даана чыга келгендигин далилдуу корсотуп берген тарбиялык сааттардан болду. Ал эми БатМУ САИнин китепканачысы Ж.У. Айтемирова кыргыз тилинде жаны чыккан китептерди тааныштырып, жер планетасынын бутундой сыры китептин ичинде катылганын айтып, жаштарды китеп окууга чакырып кетти.
2020- жыл” Региондорду онуктуруу, олкону санариптештируу жана балдарды колдоо”- жылынын алкагында БатМУнун Сулукту аймактык институтунда 2020- жылдын 17-сентябрында ” Экстремисттердин торунан сак бол!” аттуу ZOOM тиркемеси аркылуу уюштурулган дил маек болуп отту. Экстремизмге каршы тушундуруу иштери коп жылдан бери жаштар арасында , эл арасында, интернетте, массалык- маалыматтарда тынымсыз айтылып журот. Бирок дагы эле азыркы учурда экстремисттердин торуна илинип, алданып калган учурлар коп катталууда дешет. 2020- жылдын 17- сентябрында отулгон дил маек да жон эле экстремизм боюнча маалыматты алуу гана максатты койбостон, бугунку жаштарыбыздын ” экстремизм”, ” “терроризм”, ” радикализм” жана башка ошол багыт боюнча тушунукторун, ойлорун билуу менен эксперттер менен бирге туура жыйынтыкты чыгарууга жардам беруу максатын коздоп уюштурулду.
Иш чара БатМУ САИнин студенттери жана Бишкектин окуу жайларынын жаштары менен бирге ойлорун болушуп, суроолор узатылды .Ал эми туура жыйынтык чыгарууга жардам бергенге, эксперт катарында конокко чакырылган, Сулукту шаарынын мэриясынын башкы адиси Ибрагимова Айткул Абдуллаевна, Сулукту шаарынын “Мухаммед” мечитинин имамы Курбанбеков Исламбек Беркматович жана юрист, милициянын отставкадагы майору, милицияда Диний экстремизм боюнча ага опер болуп иштеген, Милициянын отличниги Досов Бекмурза Кадырович болду.
Иш чара азыркы жаштар арасында коомдун койгойу болгон суроолорго туура жооп табууга жана экстремисттерди таануу жана коргонуунун жолдорун билууго жардам берген жемиштуу иш чаралардан болду.
БатМУ САИнин профессордук-окутуучулар жамааты Сулукту шаарынын мекенчил, патриоттору деп билген Бекмурза Кадыровичке, Айткул Абдуллаевнага жана Исламбек Беркматовичке жаштарга акыл-насааттарын,омоктуу ойлорун болушуп , алтын убактысын аябай, катышып бергенине чон ыраазычылыгын билдиришет.
На изображении может находиться: 4 человека, текст «батмуну сулукту аймактык институту тарабынан, экстремисттердин торунан сак бол
2020-жылдын 11-сентябрында Баткен мамлекеттик университетинин Сулукту аймактык институтунун бугунку кырдаалга карабастан чон ийгиликтерге кадам таштоо учун:
1) Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуу.
2) Окуу жайыбыздын профессордук- окутуучулар курамы менен тааныштыруу.
3) Бугунку кундогу койгой жараткан маселелерди ортодо ой болушуу максаттарын коюп, ZOOM платформасы аркылуу уюштурулган ата – энелер менен он-лайн жолугушу болуп отту.
БатМУнун Сулукту аймактык институтунун директору Ы.Т. Тороев азыркы кырдаалга байланыштуу аткарылган иштер, аракеттер жана жетишкендиктер жонундо айтып, учурдагы коопту жагдайда студенттерибизге уйдон сабакка болгон убакытты болдуруу жана моралдык жактан да жардам корсотуу керек экенин эскертти.
Окуу жайда студенттердин билим алуусу учун тузулгон шарттар жана кырдаалга жараша окутуунун жургузулушу боюнча ата- энелерге БатМУ САИнин директорунун орун басары А.М. Абдиева тааныштырып, кенири токтолуп кетти.
1- курска кабыл алынган студенттердин ата-энелерине кураторлорду, сабак беруучу окутуучуларды, кафедра башчыларын “Педагогика жана экономика” факультетинин деканы ф.-м. и. к. А.М. Байгесеков тааныштырды.
2019-2020- жылда БатМУнун Сулукту аймактык институтунун ата-энелер комитетинин торайымы болгон Абдуллаева Зааргул эжекебиздин уулу ” Жылдын мыкты студенти -2019″ сынагынын женуучусу , Президенттик стипендия жана алкышына ээ болгон Педагогика адистигинде 2019-2020 -ж. окуган бутуруучубуз Узакбай уулу Кайратбектин жетишкендиктерин БатМУ САИнин жалпы жамаатынын узурлуу эмгегинин жыйынтыгы экенин айтып, жалпы жамаатка чон ыраазычылык билдирди.
Жолугушуда ата-энелер комитетинин жаны курамы бекитилип, торайымы болуп Жакыпова Карамат эже дайындалды.
Ата-энелер тарабынан суроолор берилип, каалоо- тилектер айтылды.
Иш чара койгойлуу маселелерди чечуу жана максаттарды пландаштыруу менен жемиштуу отту.
2020- жылдын 2- сентябрында БатМУнун Сулукту аймактык институтунун 1-курсунун студенттери менен жогорку курстун студенттеринин он-лайн- таанышуу иш чарасы болуп отту. БатМУ САИнин директору Ы.Т. Тороев окуу жылынын башаталышы менен профессордук-окутуучулар курамын жана жалпы студенттерди куттуктап, он-лайындык иш чараны ачып берди. БатМУ САИнин директорунун орун басары А. М. Абдиева окуу жайда студенттердин билим алуусу учун тузулгон шарттар жана кырдаалга жараша окутуунун жургузулушу боюнча кенен токтолуп, маалымат берип отту. Ошондой эле ” Педагогика жана экономика” факультетинин деканы ф-м.и.к., А.М. Байгесеков окуу жылынын башталышы менен куттуктоо созун айтып, факультеттин мугалимдерин ошондой эле отулуучу дисциплиналар боюнча т
ааныштырып отту.
БатМУ САИнин Студенттер кенешинин торайымы Баратова Арафат Студенттер кенешинин курамы жана алардын аткаруучу милдеттерин белгиледи.
Жыйынтыгында студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа бардык коруучулорду кош конул калтырбады.
 На изображении может находиться: текст «BamMy батму баткен мамлекеттик университетинин сулукту аймактык институтунун <<1-курсунун студенттери менен жогорку курстун студенттеринин онлайн таанышуусу> аттуу студенттердин онлайн конференциясына чакырабыз башталышы: 2020-жыл, 2-сентябрь саат 10:00 байланыш каражаты: ZOOM 9795341740 пароль: 7777»”></div></div></div></div></div><div
dir=
Башкы мекеме БатМУ жана БатМУнун окуу-тузумдук болумдорунун профессордук- окутуучулар жамааты жана студенттери менен биргеликте “1-сентябрь- Билим куну” салтанттуу он-лайындык иш чара откорулду. БатМУнун ректору техн.и.док., профессор А.М. Зулпуев жана БатМУнун Табият таануу жана технологиялык илим изилдоо институтунун директору ф-м. и. д., профессор М. М. Тайиров ошондой эле БатМУнун Экономока жана финансы боюнча проректору, ф. и. к., профессор А. А. Машрабов алгач салтанатты ачып, куттуктоо создорун айтышты. БатМУнун Окуу иштери боюнча проректору Ш. Б. Шеров БатМУнун жана анын окуу-тузумдук болумдорунун профессордук – окутуучулар курамынын билимин жогорулатуу макстында уюштурулган он-лайындык курсунун жыйынтыктарын белгилеп айттып отту. Аягында БатМУнун башкы мекемеси тарабынан уюштурулган он-лайындык курсунан ийгиликтуу откон окутуучуларга салтанттуу турдо сертификаттарын тапшырды.
Башкы мекеме БатМУ , окуу – тузумдук болумдору САИ, КПИ, ККТИнин таланттуу студенттери тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа баарына жагымдуу маанай тартуулады. Ошондой эле иш чаранын эн кызыктуу болугу БатМУнун окуу-тузумдук болумдоруно атайын бекитилген темада ZOOM платформасы менен ачык сабактарын отушту. БатМУнун Сулукту аймактык институтунун ага окутуучусу Канназарова Бурулай Усонбаева “Дистанттык билим беруунун технологиясы” деген темада сабагы азыркы кырдаалга керек болгон маанилуу сабактардан болду.
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жонундо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алгандыгынын 31 жылдыгына карата ” Тилибиз турса суйлонуп, тируубуз биз туболук” аттуу темада 2020- жылдын, 12- сентябрында он-лайындык форматта БатМУнун Сулукту аймактык институтунун жамааты , студенттери ошондой эле Токтогул атындагы тех.-лицейинин мугалимдери жана окуучулары менен он- лайндык иш чарабыздын коногу ” Билим беруу мыктысы” , БатМУ САИнин мыкты бутуруучусу , Бутуруучулор ассоциациясынын торагасынын орун басары, Лейлек жергесинин чыгармачыл мугалими, Республикалык илимий- педагогикалык ” Мугалим” журналынын аймактык координатору , учурда Бишкек шаарындагы А. Осмонов атындага мектеп- гимназия окуу- тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабият мугалими Абдиназаров Женишбек Маткаримович ” Мамлекеттик тилибиздин коомдук турмуштагы айрым койгойлору” деген темада кызыктуу баяндама жасады. Баяндамасында 11- кылымдын корунуктуу ойчулу , тил билерманы Махмуд Кашкаринин , улуу турколог В.В Радловдун омоктуу ойлоруна токтолуп, кыргыз тилинин улуулугуна далилдуу фактылар менен бекемдеп кетти. Ошондой эле азыркы коомдо жаралып жаткан тил койгойлорун торт топко болуп карап, алардын ар бирине токтолуп, коруучулорго кызуу талкуу жаратып, келечек жаштарына туура жыйынтык чыгарууга жол корсотту. Женишбек Абдиназаров озунун баяндамасында туура суйлоо керектигин, анын улуулугун гана айтып тым болбостон, эне тилибизди суйуу гана эмес озубуздун лексиконубузду эне тилибиздин бермет создору менен толтуруп, тилибизди суйдуруу керек экендигине озунун баяндамасында айтып, белгилеп кетти. Жыйынтыгында коруучулор каалоо- тилектерин жана иш чара жемиштуу, маанилуу болгондугун айтышты.
БатМУ САИнин профессордук- окутуучулар курамы БатМУ САИнин мыкты бутуруучусу Женишбек Маткаримовичке бекем ден соолук, узун омур, уй-булолук бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалашат.

2020- жылдын 21-февралында  БатМУ САИде Эл аралык эне тил майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык тарбиялык иш чара окуу жайдын окутуучулары Расулова З.А., Мадмуратова З.Г.тарабынан Сырттан жана аралыктан окутуу бөлүмүнүн “Мектепке чейинки билим берүү” профилинин студенттери менен “ Тил элдин байлыгы жана баалуулугу” деген темада өткөрүлдү.Иш чарада дүйнө элдеринин тил өнүктүрүү тарыхындагы маанилүү орду тууралуу айтылып,ар улуттун маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары көрүучүлөргө тартууланды. Майрам жогорку деңгээлде өтүлдү.
Толук маалымат ушул ссылкадан көрүүгө болот.

Кайрымдуулук парзыбыз,биригели жалпыбыз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы укуктуу өкүлүнүн атайын буйругунун негизинде 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүн өткөрүү жана 2019-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин Баткен областынын аймактарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында БатМУнун Сүлүктү аймактык институтундагы Педагогика жана экономика факультетинин Педагогика жана башталгыч билим берүү усулу профилинин күндүзгү бөлүмүнүн 1-курсунун П-1-19 тайпасынын куратору Мадмуратова Замира Гүлбаевна тарабынан 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук иш пландын негизинде Замира Гүлбаевна “Кайрымдуулук парзыбыз,биригели жалпыбыз”деген темада тайпанын студенттерине сабак өтүп, Сүлүктү шаарында жашаган майыптар жөнүндө маалымат берди. Өткөрүлгөн куратордук сааттан студенттер майыптуулугу бар адамдардын күндөлүк турмушта туш келүүчү көйгөйлөрүн жон териси менен сезишип, боорукерлик сезимдери ойгонду десек жаңылышпайбыз. Сабакта студенттер майыптуулугу бар адамдар биз сыяктуу эле адам, болгону кээ бир иш-аракеттерде мүмкүнчүлүгү чектелген деген жыйынтык студенттер тарабынан чыгарылып,сабактын соңунда куратордун демилгесин студенттер колдоп,шаарыбызда жашаган майыптарга жакындан жардам берип, кабар алып келүүнү сунушташты.

1-курстун студенттери мээримдүүлүк, боорукердик,адамгерчилик сезимине кадам таштап биздин окуу жайыбызда үзүрлүү эмгектенип, илимдин кандитаттык даражасын коргогон окумуштуу, азыркы учурдагы I топтогу майып, т.и.к., доцент Мурзакулов Курбанали Ергашевич менен үйүндө жолугушуп, агайдын ал-абалын жана ден-соолугун сурап, көңүлүн көтөрүштү. Агайды майрамы менен куттуктап, алып барышкан белектерин тапшырышып, ак батасын алып кайтышты. Андан кийин, көп жыл бою Сүлүктү шаарындагы №5 Ж.Рустамов атындагы орто мектебинде эмгектенип, ардактуу пенсияга чыккан, II топтогу майып айым Халилова Лола апа менен жолугушуп, апабызды майрамы менен куттуктап алып барышкан таттууларын, белектерин тапшырышты. Мындан сырткары студенттердин апабыздын үй-тиричилигине кол кабыш кылуусу уюштурулду.

Уюштурулган иш-чара, окуу тайпанын студенттеринин аз да болсо ички сезимдерин козгоп, мындан кийин дагы ушундай кайрымдуулук иштерине активдүү катышып турууга түрткү болот деген ишеничтебиз.

БатМУ САИнин филологиялык жана

педагогикалык билим берүү кафедрасынын

башчысы, ага окутуучу Канназарова Б.У

__________________________________________________________________________________________

Спидге каршы күрөшүү күнүн утурлай.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы укуктуу өкүлүнүн атайын буйругунун негизинде 2019-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин “Коомчулук көңүл буруунун борборунда” аттуу бир айлыктын алкагында үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында БатМУнун Сүлүктү аймактык институтундагы китепканачысы Айтемирова Жылдыз Умаркуловна, Филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Мадмуратова Замира Гүлбаевнанын жетекчилиги астында Педагогика жана экономика факультетинин Педагогика багытынын Педагогика жана башталгыч билим берүү усулу профилинин күндүзгү бөлүмүнүн 1-курсунун П-1-19 окуу тайпасынын студенттери тарабынан 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД ооруусуна каршы күрөшүү күнүнө карата “СПИД кылым коркунучу” деген аталыштагы тарбиялык-маданий иш чара өткөрүштү. Иш чаранын алкагында студенттер өлкөбүздө ден-соолук, биримдик, туруктуулук, сүйүү, ишеним орун алса биз СПИДди жеңе алабыз деген ураан менен чыгып бүгүнкү күндөгү эң коркунучтуу жана өтө тездик менен жайылып бара жаткан XXI кылымдын чумасы СПИД дарты, ВИЧ инфекциясы тууралуу жана коркунучтуу илдеттин алдын алуу, ооруунун жугуу жана сактануу жолдору, сергек жашоо мүнөзү боюнча атайын маалыматтар берүү менен презентациялар көрсөтүлүп, докладдар окулуп, студенттер менен суроо-жооптор уюштурулду. Тема боюнча СПИД жана наркомания проблемаларын чагылдырган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүү менен мекен, ден-соолук боюнча музыкалык номерлер менен бирге, макал-ылакаптар, учкул сөздөр айтылды. Иш чарага окуу жайыбыздын директору Ы.Т.Тороев катышып, ал өз сөзүндө өткөрүлгөн кеченин тарбиялык жана профилактикалык мааниде болгондугун белгилөө менен окуу жайдагы башка окуу тайпаларынын арасында да бир айлыктын алкагында атайын сынактар өткөрүлүлүүсүн, дил баян, жат жазуулар жазылып алынуусун, атайын бурчтар түзүлүүсүн сунуштады. Тарбиялык кечеге 1-курстун жалпы студенттери, окуу тайпалардын кураторлору катышышты.

Жыйынтыгында өткөрүлгөн тарбиялык-маданий иш-чара анализденип, окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы У.А.Дехканов, жетектөөчү адиси М.Ж.Сайдалиев, факультеттин деканы ф.и.к. А.М.Байгесеков, декандын орун басары А.М.Авязова, окутуучулар М.Ш. Садыков, З.Ш.Салиева, Г.Ш.Дусалиева, З.Х.Абдурахманова, Р.РКадыралиевалардын айтуусу боюнча аталган кече уюштуруу жагынан да мазмуну жагынан да абдан кызыктуу өткөрүлгөндүгүн баса белгилешти.

БатМУ САИнин филологиялык жана

педагогикалык билим берүү кафедрасынын

башчысы, ага окутуучу Канназарова Б.У.

__________________________________________________________________________________________

Бүтүрүүчүлөр  ассоцияциасынын жыйыны

Сулукту шаардык маданият сарайында 20-апрелде БатМУ САИнин Бутуруучулор Ассоциациясынын демилгеси менен “Окуу жайым-менин сыймыгым” аттуу марафон болуп отту. Марафонго окуу жайдын Лейлек Баткен жергесинин жана Сулукту шаарындагы мекеме-ишканаларында эмгектенип жаткан бутуруучулору катышты. Ошондой эле, БатМУ САИнин бутуруучулору: КРна таанымал болуп келаткан “Аккорд” жигиттер тобу, Маданияттын мыктысы Надирабегим Исабекова, 2016- жылы Баткендин ” Алтын ун” номинациясынын ээси Эмил Орунбаев, ” Арууке” бийчилер тобунун корком жетекчиси Уулжан Акботоеванын таланттуу кыздары жана институттун “БатМУ таланттары” кароо-сынагынын тандалма студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.

БатМУ САИнин студенттери Таджикистанга “Достук жолугушуусуна” барып келишти

2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында 4-май күнү БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунун активдүү студенттери  Ходжент шаарына эки элдин жаштарынын достук-ынтымагын бекемдөө, байланышын күчөтүү,  тарыхый жайлары менен таанышуу максатында жыл сайын уюштурула турган “Достук жолугушуусуна” барып келишти.  Бизди атайын Ходжент мамлекеттик университетинин студенттери тосуп алып, ХГУнун окуу имараты жана  шаардын кооз жайлары, тарыхый ыйык жерлери  менен тааныштырды. Эки элдин жаштары бири-бири менен таанышышып, достук алакасы чыңалып,  мамилеси дагыда болсо бекемделди. 

Бул саамалык салттык түргө айланып, БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунун студенттери,  окуу-жайдын көркөм жетекчиси Э.Т.Мажитованын жетекчилиги астында  жыл сайын кошуна Тажик Республикасынын Ходжент шаарына барып “Достук жолугушуусун” уюштуруп өткөрүп келет.