БатМУ СГЭИнин Педагогика жана экономика факультетинин деканы, э.и.к. Дехканов Улукбек Абдухалилович

Комплекстүү жумушчу планы

2021-2022-окуу жылы үчүн учурдагы жумушчу планы

          Баткен мамлекеттик университети Сүлүктү гуманитардык-экономикалык  институтунун Педагогика жана экономика факультетинин  ишмердүүлүгү  институттун уставына ылайык жогорку билимдүү  адистерди жогорку кесиптик программанын негизинде  даярдап келет.  Факультеттин негизги максаты  бүгүнкү коомчулук  талап кылган жогорку деңгээлдеги билимдүү, заман талабына ылайык  адистерди окутуп – тарбиялоо болуп саналат.  Факультеттин деканатында негизинен 3 кызматкер:  факультеттин деканы, декандын орун басары жана усулчу эмгектенет. Факультеттин структурасында эки кафедра бар. Алар: Филологиялык жана педагогикалык билим берүү, Табигый илимдер жана маалымат технологиялары кафедралары. Кафедралар төмөндөгү 8 багыттагы 11 профиль боюнча  квалификациялуу  кесип ээлерин  күндүзгү жана сырткы бөлүмүндө даярдайт.  Студенттерге билим берүүдө профессордук-окутуучулар курамында     3 профессор, 4 илимдин кандидаты, 7 ага окутуучу жана 20 окутуучу эмгектенет. Факультет филологиялык билим берүү, педагогикалык жана экономикалык багыттагы адистерди даярдоодо өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамынын  жана жогорку окуу жайларынын  факультеттеринин жобосунун, институттун  уставынын негизинде  жүргүзөт.  Студенттердин татыктуу билим алуусуна факультетте ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Окуу корпусунда стадион жана спортзал жайгашкан.  Бул жерде биздин студенттер денесин чыңдоого  жана спорттун көптөгөн түрү менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Факультетте төмөнкү багыттагы адистер даярдалат:

Факультетте илимий-изилдөө иштери активдүү жүргүзүлүп келет.  Профессордук-окутуучулар курамыны тарабынан окуу-усулдук колдонмо, монография жана илимий макалалар басмадан үзгүлтүксүз чыгарылып турат.  Факультетте студенттердин өз алдынча  билимин өркүндөтүүсүнө, өз билимдерин  тереңдетүүсүнө, сүйгөн  багытындагы түрдүү  маалыматтарды алуусуна  ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.  Алсак, факультеттин китепканасында окуу-усулдук, көркөм философиялык, педагогикалык, психологиялык жана укуктук адабияттар бар. Лингафондук окуу каанасы жана интернет менен туташтырылган компьютердик кааналар студенттердин терең билим алуусуна ылайыкташ. Ошондой эле студенттер башкы окуу корпусундагы,  шаардык  китепканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.  Мындан сырткары  жаңы маалымат технологиялары борбору иштеп интернет, компьютердик кызматтар, зарыл техникалык каражаттар менен (аудио-видео, проектор, компьютер ж.б.) жабдылган. Факультеттеги адистиктер билим жана илим министрлигинин  чечими менен  лицензия алган жана аккредитациядан өткөн. Студенттерге билим берүү үч тилде мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде окутулат. Билим берүүнүн кайсы формасында болбосун сапаттык көрсөткүчкө өзгөчө көңүл бурулат.

Лекциялык, практикалык жана семинардык сабактардын уюштуруунун формалары замандын талабына ылайыкташтырылуу менен бирге жаңы усулдар, тактап айтканда, лекция-дискуссия, тегерек стол, пресс-конференция, диспуттар, дебаттар, презентациялар уюштурулуп келет. Ал эми лекциялык сабактар техникалык каражаттар, интерактивдүү доскалар менен жабдылган атайын лекциялык залдарда өткөрүлүп, студенттерге өтүлүп жаткан темалардын негизги, көйгөйлүү жерлерин көзү менен көрсөтүүгө шарт түзүлгөн. Лекциялык сабактардын башында тажрыйбалуу лекторлор тарабынан темага байланыштуу колдонулуучу кыскача слайддар, экспресс-сурамжылоолор студенттердин жаңы материалды кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн арттырат.

Факультеттин маданий-массалык жана тарбиялык иштери бекитилген иш чаралардын планынын негизинде жүргүзүлөт. Тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча студенттердин башын бириктирген, улуттук музыкалык аспаптар менен камсыз болгон маданий – эстетикалык борбор “Студенттик Элита” клубу жана ар түрдүү адабий ийримдер түзүлгөн. Студенттер терең билим алуу менен ЖОЖдор арасында өткөрүлүүчү областтык, регионалдык олимпиадага катышып, байгелүү орундарды багынтып келүүдө.

Жыл сайын, Түштүк аймактагы окуу жайлары боюнча  студенттер арасындагы өткөрүлүүчү олимпиадага биздин окуу жайдан, атап айтканда Педагогика жана экономика факультетинин студенттери катышып төмөнкүдөй байгелүү орундарды камсыз кылып келе жатышат.

Факультеттин студенттери Ош мамлекеттик социалдык университетинде өткөрүлгөн IV регионалдык олимпиадада төмөнкүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:

Студенттин аты-жөнүТайпасыКатышкан предмети, адистигиЭэлеген ордуЖетекчиси
1Наврузов АзаматТарых – 2Математика1Байгесеков А.М.
2Абалбаева УулманАнглис тили – 2Кыргызстан тарыхы1Дооранов Н.
3Караева МуборакТарых – 2Педагогика1Мадмуратова З.
4Савриддин кызы МээрханАнглис тили – 2Укук таануу2Дехканов У.А.
5Муминова ШахнозаПиМНО- 3Психология2Садыков М.Ш.
6Курикова ЯнаАнглис тили – 2Психология3Садыков М.Ш.

Студенттер Баткен мамлекеттик     университетинде өткөрүлгөн V регионалдык олимпиадада төмөнкүдөй байгелүү орундарга  ээ болушту:

Студенттин аты-жөнүТайпасыКатышкан предмети, адистигиЭэлеген ордуЖетекчиси
1Махкамова НовбахорАнглис тили- 2Математика1Байгесеков А.М.
2Азимова КайринисаАнглис тили- 2Педагогика2Мадмуратова З.Г.
 Муминова ШахнозаПиМНО -4Психология2Садыков М.Ш.
3Набиева МукаддасОрус тили -1Психология3Садыков М.Ш.
 Саксанова ХулкарайПиМНО -4Педагогика3Расулова З.
4Савриддин к МээрханАнглис тили- 2Укук таануу3Абдатов Д.Р.

Жалал-Абад Экономика ишкердик университетинде өткөрүлгөн VI регионалдык олимпиадада төмөнкүдөй байгелүү орунга ээ болушту:

Студенттин аты-жөнүТайпасыКатышкан предметиЭэлеген ордуЖетекчиси
1Холикова ГулсанамПиМНО -2Математика2Байгесеков А.М.
2Мухаммаджан  уулу МуратжанФК-3Экономика2Элмуратов Ш.З.

2018-2019-окуу жылында Баткен мамлекеттик     университетинде өткөрүлгөн VIII регионалдык олимпиадада төмөнкүдөй байгелүү орунга ээ болушту:

Студенттин аты-жөнүТайпасыКатышкан предмети, адистигиЭэлеген ордуЖетекчиси
1Базарова НафосатОрус тили- 1Кыргыз тили1Авязова  А.М.
2Нурланбек кызы ГулданаАнглис тили- 1Педагогика1Мадмуратова З.Г.
3АйдосовМуратбекТарых -4Кыргызстан тарыхы1Дооранов Н.А.
4Баратова АрофатАнглис тили -2Математика2Толубаев Ж.О.
5Маматкулова РайхонаАнглис тили -2Психология2Садыков М.Ш.
6Каттабекова ОрозгулПедагогика- 3Педагогика2Расулова З.А.