Табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасынынбашчысы

Элмуратов Шерали Закирбекович

Кафедранын миссиясы: Сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү менен мыкты кесип ээлерин тарбиялоо, XXI кылымдын жаштарына терең билим, татыктуу тарбия берүү.

Кафедранын девизи: Сапаттуу билим – ийгиликке карай жол!

1. Кафедранын штаттык көрсөткүчтөрү.

«Табигый илимдер жана маалымат технологиялар» кафедрасы БатМУ СГЭИнин окуу-усулдук жана илимий бөлүмдөрүнүн бири катары окутуу-усулдук, илимий иштерди аткаруу жана студенттердин илимий иштерин жөнгө салуу багытында иштеп келе жатат.

Азыркы мезгилде кафедра заманбап талаптар менен тиешелештикте негизги билим берүү программасы иштелип чыгып, окуу процессин уюштурууга жаңы мамилелер апробациялануда.

2021-2022-окуу жылында “Дене тарбия” “Биология”, “Колдонмо математика жана информатика”, 2019-жылы “Дене тарбия”, “Экономика”, “Математика” профилдери ачылып, күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн группаларына студенттер ЖРТнын жыйынтыгы менен бюджеттик жана келишимдик негизде кабыл алынды.

«ТИжМТ» кафедрасынын кадрдык курамы

Учурда «Табигый илимдер жана маалымат технологиялар» кафедрасынын курамы 14 профессордук-окутуучулук курамдан турат:

А) ээлеген кызматы боюнча:

– 1 илимдин доктору, профессор;

– 2 илимдин кандидаты, доцент;

– 3 ага окутуучу;

– 8 окутуучу.

Б) педагогикалык стажы боюнча:

– 60-жыл – 1 окутуучу;

– 41 жыл – 1 окутуучу;

– 30 жылдан 40 жылга чейин – 2 окутуучу;

– 20 жылдан 30 жылга чейин – 4 окутуучу

– 10 жылдан 20 жылга чейин – 4 окутуучу.

Кафедранын мүчөлөрү:

  1. Тухтаев Турсунбай Махмудович, медицина илимдеринин доктору, профессор;
  2. Байгесеков Абдибаит Мажитович, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент;
  3. Толубаев Жоро Осмонович, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент;
  4. Сайдалиев Мурзабек Джумагулович, ага окутуучу;
  5. Камбаров Айипбек Кадирович, ага окутуучу;
  6. Элмуратов Шерали Закирбекович, ага окутуучу;
  7. Жайнаков Руслан Мажитович, окутуучу; 
  8. Шаботоев Каныбек Исманалиевич, окутуучу; 
  9. Алиев Канатбек Айтматович, окутуучу;
  10. Суюнбай кызы Акылай, окутуучу;  
  11. Миталип уулу Азаматкул, окутуучу; 
  12. Кулдашев Бахтиёр Абдубанамович, окутуучу; 
  13. Акматова Назгүл Орозбековна, окутуучу; 
  14. Кадралеева Румия Ринатовна, окутуучу.

2. Кафедранын максаты:

– Өлкөбүзгө интелектуалдык потенциалы жогору, маданияттуу, билимдүү жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо.

– Компотенттүүлүк мамиле аркылуу билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен Кыргызстандын, айрыкча Баткен областынын, Лейлек районунун ар кандай ишкана мекемелери жана орто мектептери үчүн адистерди даярдоо;

– Элет жергесиндеги, алыскы жана тоолуу аймактардагы ишкана, мекемелерди, орто мектептерди, бала бакчаларды жаш адистер менен камсыз кылуу;

– Жогорку билимдүү экономисттерди, банк, салык жана салык салуу, компьютердик техника адистерин, орто мектептери үчүн адистерди даярдоо;

– Алган билимди калк ичинде жайылтуу менен мамлекеттин интелектуалдык потенциалын өнүктүрүү;

– Студенттердин патриоттуулук, жоопкерчиликтүүлүк, эмгекти сүйүү, жарандык позиция, өз алдынчалык жана чыгармачылык активдүүлүк сезимин өстүрүү;

– Инновациялык ыкмалардын жардамы менен окуу процессин электрондук түргө өткөрүү;

– Чет өлкөлүк ЖОЖдордун кафедралары менен байланыш түзүү, алардын профессордук-окуутуучулар жана студенттер курамы ортосунда тажрыйба алмашуу.

3. Кафедранын негизги милдеттери жана аткарган иш аракеттери:

– Студенттерге бекем базалык билимди берүү, башкарууну так көзөмөлдүү жүргүзүү аларды өз учурунда жана акылга ылайык пайдалануусуна багыт берүү.

– Практикалык билиминин жогорулашына шарт түзүү.

– Студенттерди билим менен билгичтикти, чыгармачылыкты, инновацияга болгон жөндөмдөрдү жана өз учурунда аткарылуучулук проблеманы чечүүгө аң сезимдүү мамиле жана рационалдуу маселелерге үйрөтүү.

– Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүү, иштиктүү активдүүлүктүн баардык деңгээлинде мамлекеттик тилдин маанисин күчөтүү.

– Студенттерди айкөлдүккө чакыруу, патриоттук сезимди өстүрүү.

4. Кафедранын функциясы:

– Адистикке багытталган кабинеттерди уюштуруу.

– Ресурстук борбор каанасы сыяктуу заманбап кабинеттерди жандандыруу.

– «Бүгүнкү студент-эртенки адис» аттуу кружокту студенттердин жардамы менен ишке ашыруу.

– Адистике байланышкан мекемелер менен келишим түзүү менен бирге, бүтүрүүчүлөрдүү иш менен камсыз кылууну колго алуу.

– Окуу усулдук адабияттар менен камсыздоо;

– Окуу усулдук иштелмелерди иштеп чыгуу боюнча кафедранын мүчөлөрүн активдүү багыттоо;

– БатМУнун илимий багыттагы иштерине активдүү катышуу;

– Кабинеттерди, коридорлорду жасалгалоо;

– Окутуучулар жана студенттер үчүн илимий изилдөө иштерди жүргүзүүчү каана ачуу жана жасалгалоо;

– Кафедранын мүчөлөрүнүн илимий потенциалын жогорулатууга шарт түзүү;

– Окутуучулардын илимий публикацияларын өз убагында чыгаруу үчүн иш алып баруу;

– Окуу китептерин кыргыз тилинде которуу боюнча кафедранын мүчөлөрүн милдеттендирүү;

– Кафедранын шаардагы практикага баруучу ишкана-мекемелердин, мектептердин жамааты менен иш алып баруу;

– Традициялык эмес окутуунун усулун жайылтууну компьютерик техниканы колдонуу менен байланыштыруу;

– Республиканын чегиндеги жана башка мамлекеттеги жогорку окуу жайлар, илимий борборлор менен байланышып, профессордук окутуучулар жамаатынан билимин өркүндөтүү курстарына, аспирантурага жана докторантурага системалуу жөнөтүп туруу;

– Жогорку билим берүү тайпаларында рейтинг системасына толук өтүүнү пландаштыруу;

– Студенттердин илимий иштери болуп эсептелинген бүтүрүүчү квалификациялык жана курстук иштердин сапаттуулугу боюнча атайын комиссиянын иш алып баруусун өнүктүрүү жана башка.

5. Кесиптик ишмердүүлүктүн объекттери:

– Студенттерге маалыматтар системасынын жана компьютердик технологиянын негиздерин окутуу;

– Предметтер жана адистиктер боюнча БатМУнун факультеттери арасында жана Республиканын ЖОЖдорунун арасында студенттик олимпиадаларды, конкурстарды уюштуруу;

– Институттун профессордук-окутуучулук курамын өз адистиги чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу курсттарын уюштуруу;

– Маалыматтык-технологиялык багытында, экономика, табигый илимдер, математика, дене-тарбия багыттарында актуалдуу багыттар боюнча илимий-изилдөө иштеринин комплексин өткөрүү;

– Гранттар жана алардын аткарылышы үчүн башка каржылоо булактары боюнча долбоорлорду кафедранын окутуучулары менен даярдоо;

– Жаңы жана алдыңкы маалыматтык билим берүү технологияларын өздөштүрүү жана институттун ишмердүүлүгүндө сапаттуу ишке ашыруу;

– Илимий-методикалык окуу куралдарын, окуу-методикалык комплексти жана окуулуктарын иштеп чыгуу.

6. Кесиптик ишмердүүлүктүн багыттары: Математика, Биология, Дене Тарбия, Колдонмо математика жана информатика, Экономика.

Көрсөтүлгөн багыттар боюнча студенттерди даярдоо жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, КРнын билим берүү чөйрөсүндө нормативдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.

Ошондой эле берилген багыт боюнча Россиянын жана Кыргызстандын жетектөөчү ЖОЖдордун адистерди даярдоо тажрыйбасы эсепке алынат.

7. Табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасынын окуу иштери:

Кафедрада даярдалуу адистер:

1. 550200 Физикалык-математикалык билим берүү, профиль “Математика”;

Квалификациясы, академиялык даражасы: бакалавр

2. 510200 Колдонмо математика жана информатика, профиль “Колдонмо математика жана информатика”

Квалификациясы академиялык даражасы: бакалавр;

3. 532000 Дене тарбия, профиль “Дене тарбия”

Квалификациясы академиялык даражасы: бакалавр;

4. 580100 Экономика, профиль “Финансы жана кредит”

Квалификациясы академиялык даражасы: бакалавр;

5. Табигый илимдер боюнча билим берүү, профиль “Биология”

Квалификациясы академиялык даражасы: бакалавр;

Окуу иши жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандардына негизделип түзүлгөн адистиктин окуу планына тиешелештикте жүргүзүлөт.

Адистиктин жумушчу окуу планы-күндүзгү бөлүм (окуу мөөнөтү 4 жыл)

Адистиктин жумушчу окуу планы-сырткы бөлүм (окуу мөөнөтү 5 жыл)

Адистиктердин окуу планы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Гуманитардык, социалдык жана экономикалык циклдагы дисциплиналар: Кыргыз, орус тили, англис тили, Ата мекен тарыхы, философия, Манас таануу, экономика.

2. Математикалык жана табигый илимий циклдагы дисциплиналар: математика жана информатика, заманбап табигый билим берүүнүн концепциясы, экология, ЖОЖдун компоненти. Студенттердин тандоосу.

3. Кесиптик циклдагы дисциплиналар:- Базалык кесиптик дисциплиналар.

4. Вариативдик бөлүк (кесиптик багыттагы дисциплиналар), Студенттердин тандоосу.

5. Практика бөлүгүндө төмөнкү практикалар каралган: Кесиптик профилдик, адаптациялык-педагогикалык, кесиптик- базалык, кесиптик профилдик, окуу-таанышуу, өндүрүштүк, кесиптик профилдик (диплом алдындагы).

6. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 1-деңгээлдеги аттестация (4-семестр бүткөндө Ата мекен тарыхынан, Кыргызстан географиясы жана Кыргыз тили жана адабияты); 2-деңгээлдеги аттестация (мамлекеттик экзаменди тапшыруу) жана бүтүрүү квалификациялык жумушун жактоо(бакалавриаттык жумуш) кирет.

Кафедранын окуу лабораториялары, жатакана бар жана китепканаларда электрондук библиотека жайгашкан. Бардык компьютердик класстар заманбап эсептөө техникасы жана программалары менен жабдылган. Лекциялык аудиториялар интерактивдик доскалар менен жабдылган.

Кафедра Сүлүктү жана Исфана шаарларынын ишкана-мекемелери, орто мектептери менен келишим түзгөн жана алар практикаларды өткөрүү боюнча база болуп эсептелет.