Баткен мамлекеттик университети жана Фергана мамлекеттик университети менен 2019-жылдын 17-апрелинде кызматташтык меморандумуна кол кою салтанаты Фергана мамлекеттик университетинде болуп өттү. Келишимге кол кою үчүн БатМУнун ректору, профессор А.М. Зулпуев жана ФерГУнун ректору, профессор  Р.Х Максудов жана эки тараптан атайын өкүлдөр катышышты.   Аталган кызматташтык меморандумунда академиялык мобильдүүлүк, илим изилдөө, студенттер үчүн алмашуу программалары камтылган. Эки университет мындан ары эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоо менен бирге, билим берүүдө алдына койгон иш максаттарды ашыруу даяр.