Баткен мамлекеттик университетинде мигранттардын балдарынын камкордугу жана аларга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук тууралуу студенттерге лекция окулду. Иш чара БУУнун Өнүктүрүү Программасынын “ Баткен областынын Баткен жана Лейлек райондорунда мигранттардын балдырынын мыйзамдык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого көмөктөшүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Лекцияны коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу ресурстук борборунун координатору жана БатМунун ага окутуучусу Саттаркулов Дооранбек окуп, лекция суроо-жооп иретинде өттү.
Лекция 3 бөлүктөн туруп, башкы максаты мигранттардын балдарынын укуктарын коргоо жана аларга көрсөтүлүп жаткан зордук зомбулук иштеринин алдын алуу боюнча тушундуруу иштерин жургузуу жана кененирээк маалымат беруу болуп саналат.

 На изображении может находиться: один или несколько человек, люди сидят и в помещении
На изображении может находиться: 14 человек, люди сидят