Кайрымдуулук парзыбыз,биригели жалпыбыз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы укуктуу өкүлүнүн атайын буйругунун негизинде 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүн өткөрүү жана 2019-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин Баткен областынын аймактарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында БатМУнун Сүлүктү аймактык институтундагы Педагогика жана экономика факультетинин Педагогика жана башталгыч билим берүү усулу профилинин күндүзгү бөлүмүнүн 1-курсунун П-1-19 тайпасынын куратору Мадмуратова Замира Гүлбаевна тарабынан 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук иш пландын негизинде Замира Гүлбаевна “Кайрымдуулук парзыбыз,биригели жалпыбыз”деген темада тайпанын студенттерине сабак өтүп, Сүлүктү шаарында жашаган майыптар жөнүндө маалымат берди. Өткөрүлгөн куратордук сааттан студенттер майыптуулугу бар адамдардын күндөлүк турмушта туш келүүчү көйгөйлөрүн жон териси менен сезишип, боорукерлик сезимдери ойгонду десек жаңылышпайбыз. Сабакта студенттер майыптуулугу бар адамдар биз сыяктуу эле адам, болгону кээ бир иш-аракеттерде мүмкүнчүлүгү чектелген деген жыйынтык студенттер тарабынан чыгарылып,сабактын соңунда куратордун демилгесин студенттер колдоп,шаарыбызда жашаган майыптарга жакындан жардам берип, кабар алып келүүнү сунушташты.

1-курстун студенттери мээримдүүлүк, боорукердик,адамгерчилик сезимине кадам таштап биздин окуу жайыбызда үзүрлүү эмгектенип, илимдин кандитаттык даражасын коргогон окумуштуу, азыркы учурдагы I топтогу майып, т.и.к., доцент Мурзакулов Курбанали Ергашевич менен үйүндө жолугушуп, агайдын ал-абалын жана ден-соолугун сурап, көңүлүн көтөрүштү. Агайды майрамы менен куттуктап, алып барышкан белектерин тапшырышып, ак батасын алып кайтышты. Андан кийин, көп жыл бою Сүлүктү шаарындагы №5 Ж.Рустамов атындагы орто мектебинде эмгектенип, ардактуу пенсияга чыккан, II топтогу майып айым Халилова Лола апа менен жолугушуп, апабызды майрамы менен куттуктап алып барышкан таттууларын, белектерин тапшырышты. Мындан сырткары студенттердин апабыздын үй-тиричилигине кол кабыш кылуусу уюштурулду.

Уюштурулган иш-чара, окуу тайпанын студенттеринин аз да болсо ички сезимдерин козгоп, мындан кийин дагы ушундай кайрымдуулук иштерине активдүү катышып турууга түрткү болот деген ишеничтебиз.

БатМУ САИнин филологиялык жана

педагогикалык билим берүү кафедрасынын

башчысы, ага окутуучу Канназарова Б.У