Урматтуу Баткен мамлекеттик университетинин жалпы жамааты сиздерди кирип кележаткан 2020 “Чычкан” Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!!!

Баткен мамлекеттик университетинде эмгектенип, жаңы ийгиликтерди жаратып, жаштарга талыкпай жогорку билим берип келе жаткан кесиптештер сиздерди 2020-жыл Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Кирип келген жаңы жыл ишиңиздерге ийгилик, узун өмүр, кажыбас кайрат жана талыкпаган эмгек алып келсин!

            БатМУнун профессордук окутуучулар жамааты жаңы жылдык кечесин жогорку деңгээлде өткөрдү, кечеге конок болуп келген Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мадумаров Акрам Камбаралиевич келип БатМУнун жамааты жаңы жыл менен кызуу куттуктап “Жылдын мыктылары 2019” номенацияларынын жеңүүчүлөрүн куттуктап, ардак граммоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. БатМУнун ректору Абдивап Момунович Зулпуев Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө ыраазычылык билдирип, жалпы жамаатты кирип кележаткан жаңы жылы менен куттуктады.

БатМУ 2019-жылга карата “Жылдын мыкталары 2019” номенациясын жарыялап анда

анда кесипкөй, жалпы жамаат арасында кадыр баркка ээ кесиптештерибиз жылдын мыктылары деп табылды!!! Сыйлыгыңыздар куттуу болсун урматтуу жеңүүчүлөр!!!

На изображении может находиться: 12 человек, люди улыбаются, люди стоят и в помещении