Кыргызстандыктар 2020-2021-окуу жылында Румыния мамлекетинин жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн жарыяланган сынакка катышса болот.
Гранттык орундардын жалпы саны 85. Сынакка Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттин жарандары катыша алат.
Программалар:
✅бакалавриат;
✅магистратура;
✅докторантура.
Бакалавриат жана магистратура программаларына катышууну каалагандардын жашы – 35, ал эми докторантурага тапшыргандардын жашы 45тен жогору болбошу керек.
Окутуу румын тилинде жүргүзүлөт, билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттайт.
Билдирмелер 16-мартка чейин тапшырылуусу керек.
Талаптар, шарттар жана билдирме формасы боюнча кеңири маалыматты программанын расмий сайтынан алса болот ( https://www.mae.ro/en/node/10251).
Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы
Баткен мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмү.
Үсөнов Иса Мурзапарович