БатМУ  “СOVID-19” вирусуна каршы атайын эсепке акча которду 

Баткен мамлекеттик университети коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын эсепке жардам катары 168515 (Бир жүз алтымыш сегиз миң беш жүз он беш) сом которду. Бул тууралуу БатМУнун ректору профессор Абдивап Момунович Зулпуев билдирди.
Өлкөбүздө болуп жаткан кыйчалыш кыйын учурда Баткен мамлекеттик университети четте калбай дүйнөнү дүрбөлөңгө салган “COVID-19” илдетин ооздуктоо үчүн ачылган атайын эсепке Баткен мамлекеттик университетинде эмгектенип жаткан жалпы профессордук окутуучулар жана кызматкерлер жамаатынын бир күндүк айлык акысынан жардам катары которулду.