Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен MegaCom компаниясынын өлкөдөгү учурга байланыштуу келишими ишке ашкан соң БатМУнун ректору Абдивап Момунович Зулпуев MegaCom компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында БатМУнун окутуучулары үчүн акысыз интернет жана байланыш кызматы кошулду. Эми окутуучулар «Мугалим 150» атайын акциялык тарифин 60 күн пайдаланат.

Буга чейин MegaCom байланыш кызматтарын колдонуп келген окутуучулардын номуруна (тизмеде көрсөтүлгөн) акысыз тариф аралыктан кошулат. MegaCom түйүнүнүн номуру жок окутуучуларга эки айлык мөөнөткө акысыз байланыш жана мобилдик интернети менен акысыз SIM-карталар берилет.

MegaCom байланышына кошууда «Мугалим» кошумча топтому да каралган:

– Интернет-трафиктин көлөмү – 60 Гб;

– Түйүн ичинде чыккан чалуулар – акысыз;

– Түйүндөн тышкары чыккан чалуулар – акысыз;

WhatsApp, Кыргызстандын билим берүүдөгү бардык ресурстары, MEGA24 тиркемеси студенттер үчүн акысыз болот. Топтомдун мөөнөтү – 60 күн.