Бугун БатМУнун Усулдук кенешмесинин кезектеги жыйыны болуп, анда “Бекитилген квалификациялык иштердин даярдоо абалы жана 1-модулдун жыйынтыгы” тууралуу маселелер каралды.  

Баткен мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Шайырбек Бийжанович Шеров бугун кезектеги Усулдук кеңешме жалпы БатМУнун окуу структуралык бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери менен онлайн тибинде Zoom.us программасын колдонуу менен кеңешме өткөрдү. Анда эки маселе каралып, биринчи маселе бекитилген квалификациялык иштердин абалы жөнүндө маалымат алышты. Экинчи маселе, өзгөчө кырдаал учуруна жараша БатМУ толугу менен онлайн режимине өткөндүгүнө байланыштуу онлайн сабактардын жүрүшү, жетишкендиктери I -модульга карата жыйынтыктар боюнча отчет алды. Кеңешменин жыйынтыгында атайын PDF форматында отчеттор иштелип чыгып, БатМУнун сайтына жарыялоо каралды. Жалпысынан каралган маселелер канаттандыраарлык деп табылды.

Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун отчету PDF (тиркеме)