Бүгүн, 2020-жылдын 22-май күнү Баткен мамлекеттик университетинде Аспирантура, докторантура жана магистратура бөлүмүнүн башчысы б.и.к., доценттин м.а. Момунова Гүлзат Ачыловна тарабынан “2020-жыл Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана БатМУнун 20 жылдык юблейине карата “Студент жана илим-2020” аттуу студенттердин илимий-практикалык онлайн-конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияны БатМУнун ректору, тех.и.д., профессор Зулпев Абдивап Момунович ачып, конференциянын конокторун жана катышуучуларды куттуктап, конференциянын иштерине ийгиликтерди каалады.

БатМУнун Илим, уюштуруу жана тарбия иштери боюнча проректору, б.и.к., доцент Миралы к Анара жыл сайын БатМУда студенттердин жана окутуучулардын бир канча илимий-практикалык конференциялар салттуу түрдө өткөрүлүп келгендигин айтты. Окуу жайыбызда, Республикалык, Эл аралык ЖОЖдо өткөрүлгөн илимий канференцияларда студенттер активдүү катышкандыгын айтты. Бүгүнкү конференцияга катышкан студенттер I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйлана тургандыгын белгиледи.

Кыргыз Өзбек университетинин “Инновациялык технологиялар” илим изилдөө иниститутунун директору, б.и.д., профессор Самиева Жыргал Токтогуловна БатМУнун профессордук-окутуучулар жамаатына жана студенттерге каалоо тилек айтып, эки университеттин биргеликте илимий-иштерди биргеликте жүргүзүү сунуштарын айтты.

ОшТУнун Илим бөлүмүнүн башчысы б.и.к., доцент Тешебаева Зулумкан Абдыманаповна БатМУнун иштерине ийгиликтерди каалап, ОшТУнун ар жыл сайын өткөрүлүп жаткан студенттердин илимий-практикалык конференцияга БатМУнун окутуучулары жана студенттери активдүү катышып келгендигин белгилеп мындан ары да кызматташтыкта болууну айтты.

Онлайн-конференцияга Кыргыз Өзбек университетинин, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин жана Баткен мамлекеттик университетинин окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө САИнин Англис тили адистигинин 3-курсунун студенти Баратова А.У. “Ийгиликтерге шыктандырган устат”, жет: ф-м.и.к., доцент Толубаев Ж.О., КПИнин Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу адистигинин 3-курсунун студенти Абдумажит к Алтынай “Кыргызстандагы балдарды коргоонун бүгүнкү күндөгү абалы”, жет: п.и.к., доцент Кашматова Ж.А., БМнин Юриспруденция адистигинин 2-курсунун студенти Балташева М. “Развитие регионов в Кыргызской Республике”, жет: Шерова А.О., ККТИнин Бухгалтердик эсеп жана аудит адистигинин 3-курсунун студенти Урустам кызы Гулжамал “Здоровые,

образованные счастливые дети-залог будущего Кыргызкой Республики, основа благополучие страны”, жет: э.и.к., доцент Умуралиева А.Ш., КПИнин ОКБББнын Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 3-курсунун студенти Нурланбек к Гулнур “БатМУ КПИнин түзүлүшү жана өнүгүшү”, жет: т.и.к., доцент Бердиев А.Т., СПКнын Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 3-курсунун студенти Асанова Р.Ж. “И.Раззаковдун элге билим берүү жөнүндөгү камкордугу” жет: Саттаров Р.И., ККТИнин ОКБББнын экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин 3-курсунун студенти Маматова Б. А.

“ Особенности налогооблажение физических лиц при черезвычайных ситуациях” жет: Кадыров Ш.И., САИнин ОКБББнын Экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин 2-курсунун студенти Сабиров М.К. “Жусуп Мамай-улуу манасчы”, жет: ф.и.к. Шерова А.К. илимий баяндамаларды жасашты.

Жыйынтыгында студенттик илимий-практикалык онлайн-конференциянын катышуучулары резалюция кабыл алышты.