БатМУнун  салтанаттуу 20 жылдыгын утурлай орто окуу жайларда эмгектенген 100 мугалимдерге акысыз виртуалдык семинар башталды.

         Баткен мамлекеттик университети тарабынан 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына” жана БатМУнун 20 жылдыгына карата 72 саат көлөмдө “Окуу процессинде маалыматтык, комуникациялык технологияларды колдонуу” темасында Баткен областынын аймагында орто окуу жайларын колдоо максатында, 100 окутуучуга уюштурулуп жаткан акысыз онлайн-курс 2020-жылдын 15-июндан башталды. Онлайн-курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар ыйгарылат. Аталган иш чаранын жобосуна ылайык жалпы Баткен облусунун орто мектептеринде эмгектенип жатышкан мугалимдер катталып, учурда виртуалдык семинарлар ийгиликтүү старт алды.