Урматтуу Баткен мамлекеттик универси-тетинин профессордук-окутуучулар курамы жана жалпы эмгек  жамааты! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Бардыгыңыздарга бакубат жашоо, бекем ден соолук, үй–бүлөлүк бакыт, ынтымак, тынчтык жана ишиңиздерге албан–албан ийгиликтердин жаралышын каалаймын.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы, билим берүү системасы экендигин, ошондой эле билим жана тарбия берүү жаатында эмгектенген кызматкерлердин коомдогу ролу маанилүү экендигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-февралындагы № 36 Токтому аркылуу жыл сайын “Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү – билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө күнү” деп кабыл алынган.

Мугалим!.. Кандай гана ардактуу сөз!Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Ал педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак, баёо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. Чынында мугалимдик кесип – өтө түйшүктүү жана ошол эле учурда ардактуу, анткени мугалимдер ѳз ѳмүрүн балдарды тарбиялоого, ѳлкѳнүн келечегине арнайт.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Биз билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө умтулабыз. Мындай ийгиликтерге жетүүдө тарбиячынын, мугалимдин, бардык деңгээлдеги кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын эмгеги зор. Жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчиликти сезе билүү – эң зарыл сапаттар.

Ошондуктан педагогдун азыркы учурда аткарчу милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби билим, таалим-тарбия берүү жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. Республикада жүрүп жаткан ар кандай реформаларга аралашып, аны алдыга жылдыруучу жаңы күчтөр дал ушул мектептер аркылуу даярдалып, улуттар аралык ынтымакка, адамдар ортосундагы өз ара жылуу мамилеге жана жалпы журт ичиндеги бейпилчилдикке бекем данакер.

21-кылымда, ар түрдүү билим тармактары көбөйгөндөн көбөйүп, илим чоң-чоң кадамдар менен алга карай умтулуп, мугалим кесиби коомду жана дүйнөнү интеллектуалдык жактан өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн кесиби болуп калды. Мугалимдер бизди бала-бакчадан баштап өмүрүбүздүн акырына чейин коштоп жүрөт десек ашык болбос. Албетте мугалимдин коомдогу орду абдан маанилүү жана бийик.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшѳн канча деген кыйынчылыктарга карабастан, ѳз ишине бекем туруп, калкты сабатсыздыктан арылтуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаган.

Ошондуктан, келечек муунга ааламга кеткен улуу жолду көрсөтүү менен, татыктуу билим–тарбия берип жаткан жалпы профессордук–окутуучулар курамына талыкпаган иш-аракетти, чыгармачылык изденүүлөрдү каалаймын! Сиздер биздин келечегибиз болгон жаштарды даярдап, аларга татыктуу билим берип, келечекке салым кошуп жатасыздар. Сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис! Ары түйшүктүү, ары жооптуу кызматты аркалаган кесиптик  майрамыңыздар кут болсун!Сиздерди Жараткан өзү колдосун, өмүр, ден соолук, күч-кубат берсин! Быйылкыдай апаат эч качан кайталанбасын, COVID-19 коронавирус пандемиясынан арылып, тезирээк кадимки жашоого келгенге Кудайым насип эткен болсун!Бар болуңуздар!

Зулпуев Абдивап Момунович,

БатМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор