Баткен мамлекеттик университетинин “Табият таануу жана педагогика” факультетинин “Педагогикалык билим берүү” кафедрасынын “Илимдүү илимдүүнү тааный билет, акылдуу акыл баркын баалап жүрөт” – аттуу кафедранын жумалыгы 26-апрелден 30-апрелге чейин болуп өттү. Бул жумалык иш чарага абдан бай болуп, ар бир күндөгү өтүлгөн иш-чара окутуучулардын жана студенттердин активдүү катышуусунда, таасирдүү тарбиялык мааниси терең мазмундагы семинар-тренинг, билим сынагы, педагогикалык дебьют ж.б. багыттарды камтыды.

28-март күнү “Педагогикалык дебют” кароо сынагы п.и.к., доцент М.Д. Айдарованын жетекчилигинде, атайын түзүлгөн жобонун негизинде III тур менен өткөрүлүп, буга П-1-17 тайпасынын студенттери Акжол кызы Орозгүл, Айтбай кызы Орозгүл, Куттубек кызы Азиза, Темирова Гүлбайралар катышып, өз өнөрлөрүн жана педагогикалык чеберчиликтери сыноого салышты. Бул конкурсанттардын даярдыгы, педагогикалык чеберчиликтери калыстар тобун таң калтыруу менен жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында I орунду Айтбай кызы Орозгүл, II орунду Акжол кызы Орозгүл, III орунду Куттубек кызы Азиза, IV орунду Темирова Гүлбайра камсыз кылышты. Бул студенттер жумалыкка активдүу катышкандыгы үчүн БатМУнун “Ардак грамотасы”, п.и.к., доцент М.Д. Айдарованын колдоосундагы акчалай сыйлыктарды алышты. Ошондой эле, Эргешали кызы Актилектин “Үй-бүлөлүк тарбиянын негиздери” – аттуу окуу-усулдук колдонмосу жана жумалыктын активдүү катышуучулары М.Д. Айдарованын “Педагогикалык маданият” – деген окуу куралы менен сыйланышты.