Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесиндеги структуралык бөлүмдөрдүн ишин сапаттуу уюштуруу максатында, кызматкерлер акыркы үлгүдөгү ноутбуктар, принтерлер (три в одном) жана эмеректер менен камсыздалды.
![](http://batmu.kg/wp-content/uploads/2021/12/245410735_938892213503752_2917284653762793439_n.jpg)
Эскерте кетсек, БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязов жаңыдан шайланып келгенден тартып, жумушун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер үчүн жакшы шарттарды түзүү менен баштап, бир топ иштер аткарылды.
![](http://batmu.kg/wp-content/uploads/2021/12/245380600_938892260170414_4306818671069970738_n.jpg)
Атап айтсак, университеттин окуу-структуралык бөлүмдөрүнө, КЭУТИ, КГПИ, СГЭИ жана башкы мекемеге акылдуу доскалар, түстүү принтерлер, фотоапараттар, проекторлор, 3в1 принтерлер, дизайнер профили үчүн 12 даана тигүүчү машиналар алынып, атайын адистерге тапшырылган.