Бүгүн 2-ноябрь 2021-ж. Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде заманбап мед.пункттун имаратынын ачылышы болду. Ага БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов баш болгон профессордук-окутуучулар курамы катышып, куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышты. Сапаттуу билим берүүдө окутуучулук курамдын, студенттердин ден соолугу негизги орунда болуп эсептелет. Бул багытта БатМУнун бардык окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү мед.пункттарда мед.айымдар эмгек жамааттын, студенттердин саламатчылыгына кам көрүүдө. Чың ден соолук – зор ийгиликтерди багындыруунун ачкычы!