2021-жылдын 4-ноябрь күнү БатМУнун башкы мекемесинин Табият таануу жана педагогика факультетинин Педагогикалык билим берүү кафедрасы тарабынан уюштурулган “Илимдүү илимдүүнү тааный билет, акылдуу акылдууну баалап жүрөт” аттуу “Педагогика” жумалыгынын төртүнчү күнүн окутуучу З. Айткулова жетектеп, активдүү студенттерден куралган “Архимед”, ” Платон”, “Пифагор”, “Улуу математиктер” аттуу командалардын катышуусунда “Билим сынагы” конкурсу болуп өттү. Конкурста катышуучулар 1. Саламдашуу;2. Команданын атын коргоо;3. Математикалык макалдар;4. Математикада колдонулган усулдар;5. Логикалык суроолор номинациялары боюнча күч сынашып, жыйынтыгында:I орунду – “Улуу математиктер” командасы;II орунду – “Архимед” командасы;III орунду – “Платон” командасы;IV орунду – “Пифагор” командасы ээледи.