2022-жылдын 25-февраль күнү Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов жана Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору, ф.и.к. Т.Р.Колдошов эки тараптуу келишимге кол коюшту. Келишимде БатМУнун колледждери менен Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи биргеликте:- илим-изилдөө иштерин жүргүзүү;- эки тараптуу кызматташуу;- академиялык мобилдүүлүк;- конок лекцияларды уюштуруу;- окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу;- тажрыйба алмашуу каралды. Бул келишимдин негизинде буюрса жакынкы күндөрү иштер жүргүзүлүп, окутуучулар жана студенттер үчүн пайдалуу жыйынтыктар болот деп ишенебиз.