Бүгүн БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунда БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү.Артыкбаевдин демилгеси менен жаштар арасында эстремизмдин, терроризмдин жайылышынын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатын көздөгөн жолугушуу болуп өттү. Ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, дин иштери боюнча мамлекеттик кызматкерлер, дин кызматкерлери жана БатМУ СГЭИнин профессордук-окутуучулар курамы, студенттери катышты. Жолугушуу суроо-жооп тартибинде өтүп, катышуучулар эстремизм, терроризм деген эмне, ал биздин коомубузда канчалык коркунучтуу деңгээлде, кантип алдын алсак болот деген суроолордун айланасында талкуу жүргүзүп, бир топ пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.