Бүгүн 2022-жылдын 16-март күнү КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн БатМУнун Көзөмөлчүлүк Кеңешинин жаңы курамынын отуруму арча олтургузуу менен башталды. Кеңештин мүчөлөрү алгач, төраганы жана катчыны шайлап, андан соң БатМУнун ректору, э.и.д, профессор А.Т.Гыязовдун 2021-жылга карата Баткен мамлекеттик университетинин жалпы ишмердүүлүгү боюнча жана БатМУнун башкы эсепчиси А.Алихановдун 2021-жылдагы финансы жана чарба иштери боюнча маалыматын угушту. Мындан сырткары отурумда БатМУнун жалпы кызматкерлерин КРнын белгилүү даталарына карата сыйлоо, БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндө контракттык негизде окуган студенттерге социалдык жардам көрсөтүү үчүн төлөмдөрүнө толук же жарым-жартылай жеңилдик берүү маселелери каралды.

Жыйынтыгында айлык акыны көтөрүү, кошумча төлөм, студенттер үчүн жатакана куруу боюнча чечимдер кабыл алынды.