Бүгүн Улуттук медиация борборунун жетекчиси Г.Ж.Кожоярова жана Баткен облусундагы өкүлдөрү Х.И.Хаитов, Ж.Пазылова, С.Эргешовдор Баткен мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы, бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана жергиликтүү тургундар үчүн “Медиация кызматы” боюнча маалымат беришти. Медиация – бул чыр-чатакты жөнгө салуу жана өз ара алгылыктуу чечимди табуу максатында ыктыярдуу негизде медиатордун жардамы менен талашышкан тараптардын ортосунда жүргүзүлүүчү сүйлөшүүлөр.