Бүгүн 2022-жылдын 15-март күнү БатМУ, “Enactus Кыргызстан” коомдук фонду жана Европа Биримдигинин DigiKonush «Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза айкын келечек куруу» долбоорлору менен биргелешкен аракеттердин негизинде БатМУнун башкы мекемесинде Санарип жана бизнес көндүмдөр борборунун ачылуу аземи болду. Борбор элеттик аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологияларды колдонууга көмөктөшүүгө багытталып, IT коомчулуктун өкүлдөрү, Эстониялык өкүлдөр тартылат.

Иш-чарага БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов баш болгон эмгек жамаат жана БатМУнун “Enactus” командасынын мүчөлөрү, ошондой эле коноктор: Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Г.Б.Жайнакова, Кыргыз Ресупбликасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Н.Надырбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргыз Республикасынын санарип өнүктүрүү министрлигинин өкүлү И.Ж.Шаршенова, Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Мурзаева ж.б. бир нече мекеме-ишканалардан өкүлдөр, жергиликтүү тургундар онлайн жана офлайн форматта катышты.