Баткен мамлекеттик университетинин “Ыйман” гимназиясы 2021-жылдын октябрь айында Баткен мамлекеттик университети жана Туркия Диянет Фонду менен биргеликте түзүлүп, ишке киргизилген. Баткен облусунун борбору болгон Баткен шаарында жайгашкан. Окуучуларга “Татыктуу тарбия, сапаттуу билим берүү үчүн!” деген чакырык менен атайын сынактан тандалып өткөн жана Туркия Республикасынан келген мугалимдер билим-тарбия беришет.

БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын миссиясы

Коомдук жана табигый илимдерди мыкты өздөштүргөн, диний билимди жогорку деңгээлде билген, 5 тилди так туура үйрөнүүгө ынтызар болгон, мыкты адамдык сапаттарга ээ окуучуларды тарбиялоо жана мындан ары окуучуларды жогорку билим алууга даярдоо. Ошондой эле окуучуларда мыкты адеп-ахлак, күчтүү жоопкерчилик менен улутуна жана мекенине кызмат кылуу сезимин калыптандыруу.

БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын максаты

Кылым карыткан маданий баалуулуктарыбызды адамгерчиликтин бийик сереси менен айкалыштырган, өзү жашаган заманга шайкеш келген, пайдалуу илим-билимге, чыгармачылыкка жана маданиятка ээ инсандарды тарбиялоо жана  таза ыйманга, салттуу исламга чакыруу.

БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын  структуралык түзүлүшү

Баткен мамлекеттик университетинин “Ыйман” гимназиясынын директору  Ибрахим Жумабай уулу

Баткен мамлекеттик университетинин “Ыйман” гимназиясынын директорунун окуу иштери боюнча орун басары Ашимова Канышай Абылкасымовна .

Баткен мамлекеттик университетинин “Ыйман” гимназиясынын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Акматов Муртаза Шаукатович

БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын иштөө тартиби:

Апта ичинде 5 күн 8 сааттан окуу болот. 6-күнү окуучулардын суроо-талаптары эске алынып, 5 саат кошумча сабактар, тил үйрөнүүгө, окуучулар менен жекече жана топтук иштөөгө басым жасалган. Окуучулар арасында билим таймаштары, предметтик жумалыктар, мелдештер, жаштардын чыгармачылыгын өркүндөткөн маданий иш чаралар дайыма уюштурулуп турат. 

БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын билим берүүсү жана шарттары.

БатМУнун «Ыйман» гимназиясында мамлекеттик стандарттагы сабактар менен биргеликте төмөнкү сабактар окутулат:

  • Араб тили
  • Түрк тили
  • Дин таануу сабактары
  • Негизги диний маалыматтар
  • Диндер тарыхы
  • Ислам укуктары

 Катталуу үчүн документтер:

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
  • Окуган мектебинен 6-классты аяктагандыгын тастыкдаган аныктама.
  • 3×4 өлчөмүндөгү сүрөт.

Келишим акынын ичинде:

  • Күн сайын 1 маал ысык тамак.
  • Окуу китептери
  • ЖРТга (ОРТ) даярдоо.

Байланыш тел. 0779581615. 0773664934. 0999310893.

Эл.дарек: batmu.ihl@mail.ru      

Kanishay017@gmail.com