2022-жылдын 29-30-март күндөрү Баткен мамлекеттик университетинин жыйындар залында Khan Academy kyrgyz платформасынын башкы менеджери Айнура Мамашарип жана менеджери Т.Кудайбердиевалар тарабынан “CTEAM MUGALIM” долбоорунун алкагында тренинг болуп, ага БатМУнун окутуучулары, Баткен облусунун Баткен, Сүлүктү шаарларындагы жана Баткен, Лейлек райондорундагы мектептерден келген мугалимдер катышты.

Долбоор Кыргызстандын түштүк аймагындагы мугалимдерге “STEAM MUGALIМ” долбоору жана Khan Academy kyrgyz платформасын окутуу процессинде колдонууну үйрөтүү, башкача айтканда мугалим окуучуга берген билимдерин чыныгы жашоого байланыштырып окутуп-үйрөтүү максатын көздөп, 500 мугалимди окутууга жетишти.

Тренигдин жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.