Баткен мамлекеттик университетинин Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинде студенттердин ата-энелеринин чогулушу болуп өттү. Иш-чаранын башында БатМУнун окуу иштери боюнча проректору, б.и.к., доцент Миралы кызы Анара эжеке окууда ийгиликке жетишкен жана университеттеги коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан студенттердин ата-энелерине факультеттин ыраазычылык каттарын тапшырылды.
![](http://batmu.kg/wp-content/uploads/2022/04/277976492_1039908163402156_7108602714105269060_n-1200x675.jpg)
![](http://batmu.kg/wp-content/uploads/2022/04/277667556_1039908100068829_6131438861303941045_n-1200x675.jpg)
Чогулушту Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к. М.Д.Айдарова алып барып, катышуучуларды чогулуштун күн тартиби менен тааныштырды. Күн тартибинде:1. Студенттердин катышуу, жетишүү абалы;2. Эки баскычтуу билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү;4. Анкеталык сурамжылоо жүргүзүү маселелер карады. Чогулуштун аягында ата-энелер БатМУнун жамаатына, окутуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.