КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана Спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштар” дирекциясы тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардын Универсиадасында I лиганын ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ мелдешинде БатМУнун командасы экинчи орунду камсыз кылып, II даражадагы диплом, медаль жана 15000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. БатМУнун балбандары, баракелде!!!