БатМУнун юридика клиника бөлүмү 2021-2022 окуу жылына пландапштырылган иш-чараларды планга ылайык окуу жылы үчүн толук аткарды. Жаны окуу жылы башталаып, юридикалык клиниканын жеке курамы аныкталды. Жобого ылайык уюштуруу, таанышуу иштери жургузулду.

          Жаны окуу жылынын башынан эле Кыргызстандын  юридикалык ассоцациясы тарабынан Укуктук аймак долбоорунун иш-планына ылайык башталды. Долбоорго ылайык 2021-жылдын август айында Ысык-Көлдө Кыргызстандагы Юридикалык клиникалар симпозиуму болуп өттү.

Анын алкагында 2 күндүк тренинг өткөрүлүп БатМУнан тышкы иштер жана укук проректору Г.Ү Артыкбаев жана  юридикалык клиника бөлүм башчысы А.О Шерова катышып «Инклюзивдүү, адамга ориентацияланып, адам укуктарына негизделген мамиленин негиздерин улуттук укуктук процесстерге, сот адилеттигине жана конституциядан кийинки процесстерге интеграциялоо” ПРООНдун долбоорунун сертификатына жана КЮКАнын президентинин жетишкендиктер  үчүн артыкчылык катына ээ болушту.

“Укуктук аймак” долбоорунун эн негизги иш-пландарынын бири болуп азыркы учурдагы орто мектептерде «Адам жана коом» сабагы боюнча жаштарга жана мугалимдерге багытталган укуктук темадагы китептер дагы эле кыргыз тилинде чыгарылган эместигине байланыштуу жаны мыйзамдарды камтыган китеп иштеп чыгаруу эле. Ошол эле учурда, окутуунун технологияларын жана каражаттарын өнүктүрүү ар бир адамдын тигил же бул маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Ошентип, онлайн куралдарды колдонуу аудиторияны кеңейтүү үчүн ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдаланууга жардам берет. 

2021-окуу жылында аткарган иштери боюнча отчету