2022-жылдын 21-апрелинде Баткен мамлекеттик университетинин кезектеги IX чакырылыштагы окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдөгү студенттер арасындагы ички олимпиада болуп өттү. Олимпиада БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун базасында уюштурулуп, ага жалпысынан предмет жана адистик боюнча 197 студент катышты. Иш-чараны БатМУ КГПИнин директору, ф-м.и.к. А.Ж.Кошуев ачып, андан соң БатМУнун ректору, э.и.д. профессор А.Т.Гыязов, Илим жана уюштуруу боюнча проректор, б.и.к., доцент А.А.Саматовалар олимпиаданын катышуучуларын куттуктап, ийгиликтерди каалады.
![](http://batmu.kg/wp-content/uploads/2022/04/278839115_1050397115686594_7764318310534442141_n.jpg)
Жыйынтыгында 1-2-3-орундарды ээлеген студенттер жана аларды даярдаган окутуучулар дипломдор, Ардак грамоталар менен сыйланышты.