Окуу жайдын бардык аудиториялык, компьютердик класстары санитардык-гигиеналык, коопсуздук эрежелерине жооп берет жана тиешелүү корутундулар бар. Администрациялык чарба департаментинин техникалык кызматкерлери, иш орду. Атап айтсак техничкалар тазалык боюнча күн сайын класстарды окуучулар кеткенден кийин чаңдар арчылып, кластар жуулуп чыгат. Жуманын ар бешинчи күнү хлор менен толугу менен тазаланып чыгат. Гигиенанын коопсуздук эрежесин сакташ үчүн, ар бир класстарда антисептик, бир жолу колдонуучу бет кап берилет. Ар бир кафедраларда аптечка бар. Анын ичинде керектелүүчү дары-дармектер сакталат атап айтсак: Бинт, Йод, Зеленка, Амиак, Перекись, Аспирин, Аналгин ж.б.

Компьютердик класстардын лаборанттары коопсуздук эрежелери, өрт коопсуздугу, түрдүү кырдаалдарда туура аракет этүүнү билишет. Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык окуу жайдын бардык бөлмөлөрү жасалгаланган, таза жана жарык.

Медициналык бөлмө