Учурда Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов баштаган делегация РФнын Нижний Новгород мамлекеттик педагогикалык университетинде жумушчу сапарда.

Жумушчу саптардын алкагында аталган окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышуу иш-чаралары жана бир катар жолугушуулар болуп, пайдалуу келишимдерге кол коюлууда.

Атап айтсак, БатМУнун ректору, э.и.д.,профессор А.Т.Гыязов менен К. Минин атындагы Нижний Новгород мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору В.В. Сдобняков жолугушуп, тараптар бир катар келишимдерге кол коюшту.

Келишимде:

1. БатМУ менен Минин университетинин ортосундагы келишимдердин жол жол картасын түзүү;

2. РФ тараптын каржылоосу менен жаңы окуу жылында БатМУнун базасында Орус тили, маданияты жана билим берүү борборун ачуу каралып, 2022-2023-окуу жылына 8 багыт боюнча магистратурага 60 бюджеттик орун бөлүнүп берилди.

БатМУнун ректору А.Т.Гыязов биздин жакын өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да ийгиликтүү кызматташууга үмүттөнөт.