Биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөр

Биз өзгөчө жана кызыктуу, көп маалыматтуу илимий-техникалык прогресстин доорунда жашап жатабыз. Илимий техникалык прогресстин талабына ылайык жана информативдүү системалар, компьютерлер атап айтсак интернеттер азыркы убакта жайылууда. Бүгүнкү күндүн талабы “Ким көп маалымат билсе, ошол дүйнө жүзүн багындыра алат” дегендей Кыргыз Республикасына билимдүү, илимдүү турмушта өз кесибин сүйө билген Ата Мекенине кызмат кылган, гумандуу, интеллектуалдык билим деңгээли бийик жаңы технологиянын негизинде тарбияланган жаштарды келечек жолуна тарбиялоо, багыт берүү зарылдыгы абдан керек.

25 жылдык тарыхы бар Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан билим суусун ичкен көптөгөн бүтүрүүчүлөр азыркы мезгилде ишкана-мекемелердин жетекчилери, окутуучу, мугалим, мыкты тарбиячы, бухгалтер, экономист, укук коргоо кызматкерлери катарында мекенибиздин төрт бурчунда элге кызмат кылууда. Бүгүнкү күндө да билим алган окуу жайынан кабар алып, келип турушканы кубантарлык иш эмеспи. Ошондой мыкты бүтүрүүчүлөр менен окуу жайыбыз абдан сыймыктанат. Окуу жайды ийгиликтүү аяктап, азыркы учурда өз кесиби менен иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздүн катары өтө арбын. Алардын мыктыларынын айрымдарына токтолуп, элге маалымат берүүнү туура таптык. Атай кетсек:

Ташев Бавабек Эргашевич 1962-жылдын 25-ноябрында Сүлүктү шаарында туулган. 1981-жылы Тажик Республикасына караштуу Зафарабад шаарындагы курулуш техникумун, 2001-ж. СГЭИнин тарых адистигин бүтүргөн. Эмгек жолун 1982-85-жж. Сүлүктү шаарындагы “Кызыл-Булак” разрезинде устат катары баштаган.    1985-ж. “Сүлүктү шахта курулуш” башкармалыгында III разряддагы бетонщик, Сүлүктүдөгү (РСУ) ремонт курулуш участкасында товаровед, андан соң мастер болуп иштеген. 1993-2005-жж. Ош облустук коммуналдык чарбасында (ККП) (азыркы “Сүлүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасы) жетекчи болуп дайындалган. 2003-2004-жж. “Сүлүктү водоканал” ишканасында жетекчи, 2007-2008-жж. Кош-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2008-2012-жж. эки жолу Сүлүктү шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2010-2011-жж. Сүлүктү шаардык Маданият бөлүмүн жетектеген. 2011-ж. шаарыбызга жасаган эмгектери эске алынып, Сүлүктү шаарынын 1-вице-мэри кызматын аркалаган, азыркы учурда шаардын жогорку кызматында үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Жогорудагы мекемелердеги талыбаган эмгектери эл жана жетекчилик тарабынан жогору бааланып, шаардык, облустук, министерство менен ведомстволордон бир канча Диплом, Ардак грамота жана баалуу сыйлыктарга ээ болгон. 2017-жылы шаарыбыздын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн мамлекеттик сыйлык-КРнын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Өзүнүн иш билгилиги, кичипейилдиги, жетекчилик таланты менен шаарыбызга белгилүү. Мастердик кызматтан жетекчилик кызматтарга чейин жетип, шаар ичинде кадыр-баркка ээ инсан.

           Ошондой эле элибизге таанылган акын бүтүрүүчү эжекебиз Садыкова Айсулуу Саатовна 1958-жылы 20-августта туулган. 2000-жылы БатМУ СГЭИнин Кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктаган. 2004-2005-окуу жылында “Жыл мугалими” конкурсуна катышып, 1-орунду ээлеген. 2007-жылы жарык көргөн “Дайра шоокуму”, 2013-жылы “Сүлүктү сүртүмдөрү” аттуу ыр жыйнактарынын автору, белгилүү кыргыздын акыны Курбаналы Сабыров атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Билим берүүнүн төш белгиси менен сыйланган. Азыркы учурда Сүлүктү шаарындагы Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинде кыргыз тили жана адеп сабагынан мугалим болуп иштеп жатат.

2008-2009-окуу жылынын Экономика финансы жана кредит адистигинин бүтүрүүчүсү Ибрагимова Райхан Токтогуловна 1963-ж. 27-августунда Кольцо айылында туулган. 1988-ж. Москва шарындагы Бүткүл Союздук тамак-аш өндүрүштүк институтун, 2009-ж. БатМУ СГЭИнин Финансы жана кредит адистигин аяктаган. Алгач жумуш ордун 1980-1993-жж. жөнөкөй кассирликтен баштап, товаровед, Сүлүктү шаарындагы нан заводунун технологу, 1993-1998-жж. АКБ “Кыргызстан” банкынын касса башчысы, 1998-2003-жж. башкы бухгалтер, 2004-2016-жж. “РСК“ банкынын Сүлүктүдөгү филиалынын директору, 2016-2018-жж. Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу жана маданият бөлүмүнүн бухгалтери, 2018-2020жж. “Кыргызстан” Коммерциялык банкынын директору, азыркы мезгилде Баткен областынын РСК банкынын директору кызматында  эмгектенет.

Үзүрлүү эмгек менен элине кызмат өтөп келаткан Райхан Токтогуловнанын орду ар бир жерде жогору. 2004-2015-жж.Сүлүктү шаардык Кеңешинин 3 жолку депутаты болуп шайланган. 2012-2014-жж. Сүлүктү шаардык Аялдар кеңешинин төрайымы болгон. Азыркы учурда да шаардагы мыкты жетекчи аял катары, бардык иш чараларга активдүү катышып келет. Талыкпаган эмгегинин натыйжасында Сүлүктү шаардык, областтык Ардак грамоталардын ээси, КРнын Ардагерлер кеңешинин мүчөсү, ошондой эле Ардагерлер Кеңешинин ардактуу айымы наамына ээ болгон. “РСК” банкынын 10 жылдыгына жана Улуттук банктын 20 жылдыгына карата күмүш теңгелердин 2 жолку ээси, 2016-ж. Кыргыз Туусу гезитинин “Кыргыздын кыраан кыздары” номинациясынын жеңүүчүсү, КРнын “Аялдар конгрессинин Сүлүктү шаарындагы координатору, 2018-ж. “Аялдар конгрессинин “Жылдын мыкты айымы” медалынын, КРнын Ооган ардагерлер кеңешинин “Мээримдүүлүк” медалынын ээси. Үй-бүлөлүү, 4 баланын ардактуу апасы.

          Сапарбаев Камчыбек Мурзакасымович 1967-жылы 5-октябрда Сүлүктү шаарында туулган. 2001-ж. БатМУ СГЭИнин Математика адистигин аяктаган. 1990-2000-жж. В.Ленин атындагы №1 орто мектебинин математика мугалими, 2000-2001-жж. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн инспектору, 2001-2003-жж. Сүлүктү ШБББнын 1-категориядагы адиси, 2003-2006-жж. Сүлүктү ШБББнын мектеп инспектору, 2006-2008-жж. Сүлүктү ШБББнын башчысы, 2008-2013-жж. Сүлүктү шаардык кеңештин төрагасы, 2013-ж. тартып азыркы учурда В.И.Ленин атындагы орто мектин директору кызматын аркалап келет. Камчыбек Мурзакасымович Билим берүүнүн мыктысы, көптөгөн сыйлыктардын ээси. Мектепти башкаруу боюнча докладдардын, математика сабагынан усулдук

иштелмелердин, класстан тышкаркы иш чаралардын иштелмелеринин түзүүчүсү.

Тайир Саиткулович Аширбаев 1970-жылы 3-июлда Лейлек районунун Ак-Суу айылында туулган. 2002-жылы БатМУ СГЭИнин Кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктаган. Лейлектик чыгармачыл мугалим, таланттуу акын-Таир Аширбай 2001-ж. Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, 2006-ж., 2010-ж., 2011-ж., 2014-ж. (4 жолу) “Кутбилим“, “Кутбилим-Сабак” гезиттеринин “Жылдын мыкты автору” деген наамына ээ болгон. 2011-ж. “Мамлекеттик тилдеги мыкты сабак иштелмелери” аттуу кароо-сынакта 1-орунду ээлеп, “Кыргыз тили” медалы менен сыйланган. 2015-ж. “Ачылыш” аттуу ыр жыйнагы жарыкка чыккан. 2017-жылы “Кутбилим-Сабак” гезити уюштурган “Жоомарт-мекенчил акын” аттуу республикалык сынактын жеңүүчүсү болуп табылган. 2017-ж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Билим берүүнүн мыктысы, акын, публицист, жазуучу өнөрү менен таанылуу, тарбия-таалим ишине дилгир мугалим азыркы учурда Ак-Суу айылындагы “Эгемендүүлүк” орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.

Бабаев Абдырапык 1958-ж. 29-майда Ош облусуна караштуу Лейлек районунун Чимген айылында туулган. 1977-1979 жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында дене тарбия бөлүмүн аяктаган. 1996 БатМУнун тарых факультетин ийгиликтүү аяктап, 1981 –жылдан 2017-жылга чейин Т.Жапаров атындагы орт о мектебинде дене тарбия мугалими жана райондук “Балдар жана өспүрүмдөр”клубунда Грек рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп, 2017-жылдан баштап №48 кесиптик лицейинде АЧД сабагынан мугалим болуп эмгектенүүдө.

“Лейлек балбандары”, ”Абдырахман палбан”,”Кыргыздын намыстуу палбандары”, ”Учкул сөздөр”, ” Макал-лакап,элдик накылдар”, “Палбандардын үй бүлөлүк денастиясы” атту китептердин автору жана күрөш боюнча Кыргыз ССРнин спорт чебери.

Бабаев Абдырапык 2009-жылы Исфана шаардык Кеңешинин жана Исфана шаар башкармасынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” жана “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланган.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Үй бүлөлүү 4 баланын атасы.

Урманов Элдияр Назаркулович 1978-жылы 30-июлда Сүлүктү шаарында туулган.2001-жылы СГЭИнин тарых адистигин,2010-жылы КРнын Президентинин алдындагы башкаруу академиясында “Менеджмент” адистигин, “ Магистр” академиялык даражасын аяктаган.1996-2002-жж. Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн А.С.Макаренко атындагы № 3 орто мектепте тарых мугалими, 2002-2003-жж. Сүлүктү шаарынын мэриясында Жаштар саясаты боюнча комитеттинин төрагасы, 2003-2010-жж. Сектор башчысы, 2011-жылдан азыркы убакытка чейин Сүлүктү шаарынын мэриясында Сектор башчысы болуп эмгектенип келет.

2009-жылы Сүлүктү шаарынын мэриясынын Ардак Грамотасы, 2011-жылы Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы, КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак Грамотасы, КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын “Муниципалдык кызматтын отличниги” төш белгиси, КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак Грамотасы, КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги” төш белгиси, ошондой Ооган ардагерлер кеңешинин “За помощь и содействие ветеранскому движению” медалы менен сыйланган. Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси чини ыйгарылган.

2002-ж. СГЭИнин кыргыз тили жана адабияты, 2010-ж. Финансы жана кредит адистигин бүтүргөн Алиханов Акылбек Абдиллаевич 1980-ж. 25-сентябрда Баткен районунда туулган. Жөнөкөй эсепчиден баштап, жогорку башкы эсепчи кызматына көтөрүлгөн мыкты бүтүрүүчү. 2003-2009-жылдардын аралыгында БатМУнун окуу бөлүмүнүн инспектору, 2010-2011-жылдарында БатМУнун кадрлар бөлүмүнүн инспектору, Башкы экономисти, Башкы эсепчиси болуп иштеп жаткан учуру. 2010-ж. БатМУнун алдындагы Аскер кафедрасынын Ардак грамотасы, 2018-ж. БатМУнун ректорунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Саюнов Гапарбек Абдусалимович 1981-жылы 3-мартта Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. 2002-жылы филология факультетинин кыргыз тили адабияты, кошумча англис тили адистигинин мыкты бүтүрүүчүсү. 2005-2006жж. Сүлүктү шаарындагы Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими, 2006-2007-жж. Лейлек райондук билим берүү жана саясат бөлүмүнүн алдындагы алдыңкы тажрыйба жайылтуу борборунун усулчусу. 2007-ж. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү кызматтык адиси. 2009-ж. Лейлек райондук Билим берүү бөлүмунүн мектептер боюнча жетектөөчү адиси, 2011-ж. Лейлек районунун Билим берүү бөлүмунүн башкы адиси. Көптөгөн республикалык, областтык, райондук ардак грамоталардын ээси, Республикалык “Манас” жаштар коомунун мүчөсү, лидер мугалим-жетекчи. Азыркы учурда Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 

Абдиназаров Жеңишбек Маткаримович 1984-жылы 9-майда Лейлек районундагы Голбо айылында туулган. 2006-жылы БатМУ СГЭИнин Кыргыз тили жана адабияты адистигин артыкчылык диплом менен аяктаган. Эмгек жолун 2003-ж. К.Казыев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 2009-2013-жж. ушул эле мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, 2010-2013-жж. мектептин социалдык педагогу, 2013-ж. кыргыз тили жана адабияты мугалими, Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунда “Жаш алып баруучу” ийриминин жетекчиси, 2015-ж. мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, 2016-ж. Лейлек райондук “Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү мектебинин” жооптуу катчысы болуп эмгектенген. Азыркы учурда “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын Баткен областы боюнча координатору.

Женишбек Абдиназаров аракетчил, жаш мугалимдерге дем-күч берген позитивдүү нукура мугалимдердин бири. Жаш болсо да, талыкпай эмгектенүүнүн натыйжасында бир катар жогорку сыйлыктардын: райондук, областтык мамлекеттик администрациясынын бир канча дипломдору, Республикалык “Жыл мугалими-2012” кароо сынагында 5-орунду ээлеп, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын “Мугалим-коомдун күзгүсү-2016” кароо-сынагынын Ардак Грамотасы, 2015-ж. КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылдын 28-августундагы №9/4 буйругу менен “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси ыйгарылган (Күбөлүк №674). Андан сырткары, Казакстандын Түркстан шаарында Кулкожо Акмат Яссави атындагы казак-түрк университетинин “Алкыш каты”, ж.б. республикадагы орто мектептеринин Алкыш каттарынын ээси. Бир уул,эки кыздын бактылуу атасы.

Ж.Абдиназаровдун1.“Класс жетекчилер, сиздер үчүн”(Жалпы билим берүүчү мекемелерде өтүлүүчү класстык тарбиялык сабактардын жана класстан тышкаркы иштердин иштелмелери), Бишкек-2015. Түзүүчү-авторлор: Абдухамидова Б.А., Абдиназаров Ж.М., Шамшиева М.С.; 2. “Тарбиялык сабактар” 11-класс. Класс жетекчилер үчүн усулдук колдонмо. Бишкек-2017. Түзүүчү-авторлор: К.Акматов, Ж.Абдиназаров. деп аталган илимий эмгектери басмадан чыккан. Ошондой эле, Абдухамидова Б.А., Абдухамидова С.А. “Жылдын мыкты мугалимдери жана мыкты сабактар” деп аталган кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн методикалык колдонмого (Бишкек-2013) төмөнкү аталыштагы беш сабагынын иштелмелери кирген:

1) “Саманчынын жолу”-бүткүл адамзаттын тагдыр жолу;

2) Р.Шүкүрбековдун “Жинди суу” термеси жана бүгүнкү күндөгү аракечтик проблемасы;

3) Ж.Турусбековдун “Каракчынын трагедиясы” поэмасы;

4)Үнсүз тыбыштардын жасалуу ордуна карай бөлүнүшү;

5)Эрксиз күндөргө баш ийген кыздын тагдыры (С.Карачевдин “Эрксиз күндөрдө” повестиндеги Жыпардын тагдыры.

        Албетте, мындай сыймыктуу биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанабыз жана кубаттайбыз.

Халмуратов Нурбек Бекботоевич 1983-жылы 23-майда Лейлек районунун Ак-Суу айылында туулган. 2004-жылы Экономикадагы информациялык системалар адистигин аяктаган. 2004-2016-жж. Ак-Суу айылындагы М.Горький атындагы орто мектебинде информатика мугалими, 2016-жылдан азыркы мезгилге чейин Ак-Суу айылындагы “Эгемендүүлук” орто мектебинин директору. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрүбүздүн бири Чолбабаев Хаджихуджа Рахматович 2000-2001- окуу жылынын   бүтүрүүчүсү, өзбек тили жана адабияты адистигин аяктаган. Сүлүктү шаарынын билим берүү жаатында көп жыл башкы адис болуп иштеп келген. Азыркы учурда 2012-жылдан бери Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинде директор болуп эмгектенип келет. Шаарыбыздын сыймыктуу жетекчилеринин бири-Ырысова Нүргүл Кыргыз тили жана адабияты адистигин кызыл диплом менен бүтүргөн. Учурда Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин директору, 4 баланын ардактуу апасы.

Атай берсек шаарыбыздын жана башка коңшу аймактарыбызда да сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүз   кызмат кылып жүрүшөт. Алардын жолун улап да жаштарыбыз өсүп-өнүгүп коомго эл-журтка эмгегин арнап келүүдө. 2017-2018 окуу жылынын бүтүрүүчүсү, 2016-ж. Президенттик “Үмүт” стипендиясынын ээси, мыкты бүтүрүүчү Абалбаева Уулман ОшМУнун магистранты. Азыркы учурда Лейлек районундагы Арка чөлкөмүндөгү №3 эксперименталдык гимназия-мектебинде англис тили сабагынан мугалим болуп иштеп жатат. 2016-ж. А.Салымбековдун “Намыс” стипедиясына ээ болгон-Абдилашим уулу Таирбек жана Абдисаттар уулу Жанжигит сыяктуу мыкты бутүрүүчүлөрдүн саны арбын. Келечектен көптү үмүттөндүргөн эки жигит азыркы учурда ОшМУнун магистранттары.

Биздин окуу жайда азыркы учурда 1208 ден ашык студент окуп билим алууда. Чет өлкөлөр Өзбекстан, Казакстан, коңшу өлкө Тажикстандан жаштар келип окуп жатышат. Окуу жайыбыздын келечеги кең. Институттун жалпы жамааты окуу процессинде жаңы технологияларды колдонуу менен эл аралык билим системасына интеграцияланууда максаттуу иштерди жүргүзүп жататышат.