1. Кафедра тейлеген профилдердин лицензиялык маалыматы

Кафедра тейлеген профиль 532 000 дене тарбия багытынын дене тарбия профили эсептелет. а) кафедрага тиешелүү болгон адистиктин мамлекеттик стандарты, кафедра тууралуу жалпы маалымат

Кафедранын нормативдик документтери:

  1. 532000 багытындагы «Дене тарбиясы» профилиндеги бакалавриятын даярдоо Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият министрлигинин буйругу менен бекитилген.
    1. «Дене тарбиясы» бүтүрүүчүсүнүн квалификациясы күндүзгү окуу формасында профессионалдык билим берүүчү программанын өздөштүрүүнүн нормативдик мөөнөтү 4 жылдан кем эмес.
    1. бүтүрүүчүнүн квалификациянын мүнөздөмөсү.

Дене тарбиясы профили дене тарбиясы жана спорт областында педагогикалык жана уюштуруучулук, башкаруучулук ишмердүүлүгү үчүн даярдалат.

Кафедранын түптөлүү этаптарынын алгачкы кадамдары 1999-жылга туура келет

1999-жылдан баштап азыркы күнгө чейин “Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы” кафедрасын башчысы кызматында доценттин милдетин аткаруучу, белгилүү педагогдор жетектеп келди. Ал төмөнкү таблицада берилген.

Аты-жөнүКафедранын аталышыЭэлеген кызматыЖетектеген жылдары
1Бердиев Асан ТоксоновичПедагогика жана дене тарбияДоценттин м.а.2016-2017-жж.
 Байжигитов Болотбек БаракбаевичПедагогика жана дене тарбияага окутуучу2017-2018-окуу жылында
2Мадумарова М.К.Педагогика жана дене тарбияДоценттин м.а.2018-2019-жылдары
3Талипов ЖеңишбекПедагогика жана дене тарбияага окутуучу2019-20-жылдары
4Байжигитов Болотбек Баракбаевичдене тарбияага окутуучу2020-жылдын 14-февралынан баштап
5Галатов Алмазбек АбдиллаевичДене тарбияокутуучу2021-жылдын 15-сентябрынан баштап

Дене тарбия кафедра башчысы:   Галатов А.А

2012- 2013- окуу жылынан баштап бакалаврдык программа боюнча педагогикалык билим берүү багытынын дене тарбия боюнча профили үчүн студенттер кабыл алынып жана бул профилди окутуу процессин педагогика жана дене тарбия кафедрасы тарабынан тээленген. Кафедраны ага окутуучу Жороев А. жетектеп келген.

2015-2016- окуу жылынын 1-октябрынан баштап  кафедранын окуу жүктөмүнү көбөйгөндүгүнө байланыштуу директордун буйругу №8/1 01.10.15 менен педагогика факультетинин курамында «Дене тарбия жана спорт» кафедрасы болуп жаңыдан уюшулду. Аны жетектөөгө ага окутуучу Байжигитов Б. дайындалып, андан кийин 2021-окуу жылынын 15-сентябрынан баштап А.Галатов жетектеп келет .

Күндүзгү окутуу бөлүмү үчүн жумушчу окуу пландар, кафедранын саат жүктөмү AVN ИСга(AVN11, AVN6) толугу менен киргизилген. Профессордук-окутуучулук курам тарабынан AVN ИСна электрондук окуу-усулдук комплекстер жайгаштырылып жатат, бирок тилекке каршы аны толук өздөштүргөн окутуучулардын саны 80%ды  гана түзөт. 

Бүгүнкү күндө     кафедра 532 000  дене тарбия багытындагы  дене тарбия профилине тиешелүү болгон окуу пландарындагы жалпы билим берүүчү дисциплина (дене тарбиясы предмети) жана профиль үчүн жалпы, кесиптик, атайын дисциплиналар  блогундагы  предметтерди тейлейт.

Кафедра тейлеген багыт боюнча дене тарбия  профили үчүн мамлекеттик стандарттар атайын папкаларда сакталган

Кафедранын негизги максаттары:

  • бүтүрүүчүнүн дене тарбия жана спорт жаатында ийгиликтерди жаратуусуна, анын социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногундагы туруктуулугуна көмөктөш боло турган, универсалдуу жана кесиптик компетенттүүлүккө ээ болууга мүмкүндүк берген жогорку кесиптик профилдүү билим берүү;
  • жашоого даярдык жана жигердүү жарандык позицияга ээ болуусуна көмөк көрсөтүү;
  • максаттуулукка, уюшкандыкка, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке, жарандыкка, баарлашууга, толеранттуулукка тарбиялоо, этиканы үйрөтүү жана инсандык өнүгүүсүн камсыз кылуу.
  • Академиялык курам
  • Бүгүнкү күндө  кафедрада 8 окутуучу эмгектенүүдө. Алардын ичинен педагогика илиминин 1 кандидаты, доцент,  2 ага окутуучулар , 4 окутуучу жана 1 методист бар
  • Материалдык-техникалык базасы

Дене тарбия адисин даярдоо үчүн адистик сабактарга университеттин заманбап спорттук комплекси, башкы окуу корпусунун усулдук №225-, 102-аудиториялары,-спорттук-оюн залы, Гимнастика залы, Атлетикалык гимнастика залы,Оор атлетика залы, ошондой эле футбол, баскетбол, волейбол оюндарынын аянтчалары пайдаланылдат. Андан сырткары, жыл сайын спорттук инвентарь, шаймандар менен жабдылып жаныртылып турат. Адистиктин окуу дисциплиналары боюнча университеттин илимий китепканасында окуу куралдар жетиштүү.

Окуу-методикалык иштери

Кафедранын профессордук окутуучулук курамын илим изилдөө иштерин окуу процессинде натыйжалуу пайдалануу ишке ашырылат. Изилденүүчү Б. Байжигитовдун “Спортчуларды машыктырууда музыкалык коштоону натыйжалуу пайдалануунун негиздери” темасындагы изилдөө иштери КГПИнин спорт командасын машыктырууда, кружоктордо, практикалык сабактарда колдонуп келет. п.и.к., доцент Боркошевдин “Особенности физического воспитания дошкольного воспитания Юга КР” жана Мийзамовдун “Особенности физического воспитания девушек КР” илимий иштери дене тарбиясын окутуунун усуларында жана педагогикалык билим берүү багыттынын мектепке чейинки билим берүү адистиктерин окутууда кыймылдуу оюндарды үйрөтүүдө колдонулат. Мындан сырткары, төмөнкүдөй окуу –усулдук колдонмолору жарык көрүп, аны дене тарбиясы профилинин окутууда негизги адабият катарында колдонуп келишет:

  1. Боркшоев М., Мийзамов М. Типы и формы организации физического воспитания студентов – Ош. 2013-г.;
    1. Боркошев М., Кудайкулов К.П.Приобщение дошкольников к здоровому образу жизнги через кыргызские народные подвижные игры – Ош 2014-г.;
    1. Боркошев М.М. Педагогические особенности физического воспитание детей дошкольного возроста КР –Ош 2013-г.;
  • Ар бир окуу жылында кафедранын бардык окутуучулары ачык сабактарды жана методикалык семинарларды уюштуруп өткөрүп келишет. Белгиленген мөөнөттөн мурда кафедрада сабактын план конспектиси талкууланып өтүүгө сунушталып токтому түзүлөт жана рецензиясы жазылат.
  • Окуу пландын негизинде адистикте төмөндөгү дисциплиналар боюнча курстук иштерди аткаруу каралган: “Спорттун тандалып алынган түрүнүн теориясы жана усулу”; “Дене тарбиянын теориясы жана усулу жана спорттун теориясы” жана “Дене тарбиянын педагогикасы/психологиясы”. Курстук иштердин тематикасы окуу жылдын башында жетекчиси тарабынан сунушталып кафедрада талкууланып бекитилет. Курстук иштер жетекчи тарабынан текшерилип бааланат жана кафедрада сакталат.
  • Дене тарбия адистиги боюнча ар бир окуу жылда бүтүрүүчү квалификациялык иштерди аткаруу пландаштырылган. Бүтүрүү квалификациялык иш тематикалары жетекчилер тарабынан сунушталган жана окуу нагрузкага жараша бөлүштүрүлгөн. Студенттердин Бүтүрүү квалификациялык иш аткаруу боюнча жазылган арыздары тиешелүү папкада сакталуу жана окуу жылда жетекчи менен чогуу иш алып баруу боюнча пландаштырылган.

·       


  • Карьералык перспективалар
  • 532000 “Дене тарбия” багыты боюнча бакалавр: – бардык типтеги билим берүү мекемелеринде, спорттук уюмдарда жана жеке менчик уюмдарда мугалим; – спорттук мектептерде, клубдарда жана менчиктин ар кандай түрүндөгү башка уюмдарда машыктыруучу; – дене тарбия жана спорт жаатындагы жеке менчик уюмдарда уюштуруучулук-башкаруучулук иш-аракеттерге, жеке бизнеске; – дене тарбия жана спорт жаатындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө; – менчиктин ар кандай формасындагы дене тарбия, спорт, спорт жана көңүл ачуу, туристтик, медициналык, калыбына келтирүү жана профилактикалык мекемелерде дене тарбия каражаттары аркылуу милдеттерин ишке ашырууга. – дене-тарбия жана спорт жаатындагы маданий-агартуу иштеринде иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

·       


  • Студенттик жашоо
  • Окуудан сырткары кафедрада спорттун футбол, баскетбол, волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, тогуз коргоол, жеңил атлетика, бокс, ордо, дзюдо, күрөш, түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактары уюштурулган. Бул окуу-машыгуу тайпаларындагы студенттерден университеттин курама командасы даярдалып, спартакиада, универсиада, спорттук мелдештерге катышуу менен алдынкы жана байгелүү орундарды камсыз кылып келишет.
  • Билим берүү программасы менен каралган практикалардын түрлөрүнөн өтүү үчүн окуу программасында өзүнчө 6-семестрде 4-жумалык мөөнөт менен  5 кредит өлчөмүндө мектеп практикасы, 8-семестрде 4 жумалык мөөнөт менен 8 кредит өлчөмүндө кесиптик профилдик практика бөлүштүрүлгөн.  Окуу планында көрсөтүлгөн практиканы өтөө үчүн  ДТ кафедрасынын окутуучулары тарабынан практикаларынын жетекчилери, стейкхолдерлердин өкүлчүлүктөрү менен жолугушуулар жүргүзүлөт. Студенттер үчүн квалификациялык практикаларын жүргүзүү, жумушка жайгашуу мүмкүнчүлүктөрү жана зарылчылык болгон учурда квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн келишимдер түзүлөт. Түзүлгөн келишимдер боюнча студенттер практикага бөлүштүрүлүп, практикага бөлүштүрүү буйругу боюнча, көрсөтүлгөн мөөнөттө жана буйруктагы көрсөтүлгөн мектепке практикага барып, иш орундары каралып, жайгаштырылып, программа боюнча өтүшөт. Студенттерге НББПдагы компетенцияларды калыптандыруу максатында план түзүлөт,  атайын тапшырмалар берилет жана жыйынтыктоо менен тиешелүү жыйынтыктоочу конференциялар өткөрүлүп, отчеттук документтер алынат.
  • Бүтүрүүчүлөр
  • 2007-ж бүтүрүүчүсү Галатов Алмазбек Абдиллаевич.
  •  Эмгек жолун 2006-ж. бүгүнкү күнгө чейин БатМУ КГПИнин дене тарбия окутуучусу жана машыктыруучу болуп иштеп келет. 2014-жылы Бел боолуу Алыш Күрөшү боюнча Эл аралык даражадагы калыстык сынака катышып Эл аралык калыс наамынын ээси. Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери. 2013-жылы Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн азия чемпионатынын коло медаль ээси. 2014-жылы Турциянын Стамбул шаарында Евроазия чемпионатында күмүш медаль ээси. 2016-жылы Түштүк Кореянын Чонг-Джу шаарында болуп өткөн дүйнө чемпионатында алдын медаль ээси, Дуйнө чемпиону.Баткен областы боюнча жалгыз Бел боолу Алыш күрөшү боюнча Бириккен күроштөр уюмунун эл аралык даражадагы калыс ( referee of international category UWW.Kyrgyzstan.)
  •  2019-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 2019-жылы Каракол шаардык мэриясынын төш белгиси менен сыйланды. 2018-жылдан тартып, учурда Каракол шаардык «Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн» башчысы болуп эмгектенет.
  • 2005-ж. бүтүрүүчү Рахманова Дилдора Гуламолиевна. Алыш курош Жана белоо курош боюнча Кыргызстан чемпиону. 2-Дуйнолук Кочмондор оюнун Жана дуйнонун чемпиону, эл аралык спорт чебери. Армрестлинг Жана жеңил атлетиканын ядро атуу туру бойунча Кыргызстан чемпиону. Туркмен курэш боюнча дуйно чемпиону . Таяк Тартыш боюнча Азианын Европанын Жана дуйнонун чемпиону, эл аралык спорт чебери. 2016 жылдын Кыргызстандын мыкты спортчу айымы. 2017-2018-жылдардын Баткен областынын мыкты спортчусу.
  • 2016-ж. бүтүрүүчү Абдилаким у Кабыл.Алыш күрөшү боюнча спорттун чебери жана улуттук даражадагы калыс.
  • 2018-ж. бүтүрүүчү Абдувохид кызы Айгул  эрежесиз таймаштардын жеңүүчүсү, Бокс боюнча спорт чеберине талапкер.
  • 2020-ж бүтүрүүчүсү Шералиев Муратали Кызыл-кыя  Газпром спорт комплексинин директору, грек-рим күрөшүнүн спорт чебери.
  • 2020-ж бүтүрүүчүсү Каримов Алишер Кызыл-кыя шаардык кеңештин депутаты.
  • 4-курстун студенти Калилов Эмир Бокс боюнча спорт чеберине талапкер.
  • 2- курстун студенти Сатиханов Шохжахон Авазханович футбол боюнча Республиканын курама командасынын жарым коргоочусу.

Дене тарбия бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү менен байланыш

Бүтүрүүчүлөргө  мамлекеттик үлгүдөгү  жогорку кесиптик билим берүүнү тастыктаган  “бакалавр” квалификациясы ыйгарылган дипломдор берилет. 2016-жылдан бери аталган профил боюнча 300дөн ашык бүтүрүүчү окуну ийгиликтүү аяктаган.

Башка окуу жайлар менен кызматташтыкты жолго коюу негизинде бакалавр бутүрүүчүлөрү ОшМУ жана башка окуу жайларда магистрдик даражасын алуу үчүн окуусун улантыша алышат.

Бул бүтүрүүчүлөрүбүз  Республиканын булуң бурчтарында бири мугалим бири машыктыргыч, бири Кыргыз армиясында кызмат өтөсө, дагы бири ички иштер бөлүгүндө, улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылып келүүдө. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинде Таяк тартуу боюнча Республиканын курама командасынын катарында жүргөн эл аралык спорттун чебери Дилдора Рахманова,ошондой эле Алыш күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери ,Күрөш боюнча спорттун чеберинин ээси .Греко-рим күрөшү боюнча КРнын спорт чебери Алмазбек Галатов,ошондой эле Алыш күрөшүнүн эл аралык класстагы спорт чебери,Бел боолуу күрөштүн спорт чебери, Бел боо Алыш күрөшү боюнча эл аралык даражадагы калыс наамдарынын ээси. Алыш күрөшү боюнча спорт чебери жана улуттук даражадагы калыс Абдилаким уулу Кабыл.  Бокс боюнча спорттун чеберине талапкер Калилов Эмир, Абдувохид кызы Айгул . Греко-рим күрөшүнүн спорт чебери Шералиев Муратали. Спортко өз салымдарын кошуп жана Республиканын атын Дүйнөлүк ареналарда чыгарып келе жатышат