2022-жылдын 18-октябрь күнү БатМУнун профессордук-окутуучулар курамынын Түркия Республикасына болгон илимий иш сапарынын алкагында бир канча жолугушуулар болду.

Алгач, Конья шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси, “САДАФ” фондунун башчысы Эржан Услу мырзанын чакыруусу менен жолугушуу болуп, анда БатМУнун магистранттарын Коньядагы окуу жайларга акысыз жөнөтүү, Ыйман гимназиябыздын 10 окуучусун фонд каржылоосу менен жайкы мектепке жөнөтүү жана Баткен шаары менен Конья шаарынын ортосунда “Бир тууган шаар” келишимине кол коюуну уюштуруу, көмөктөшүү жагы макулдашылды.

Мындан сырткары Конья шаарына болгон иш сапардын алкагында Түркия Республикасынын Дин иштери башкармалыгына караштуу Диний кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунун жетекчилиги менен да жолугушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө БатМУнун базасында да ушул сыяктуу институтут ачуу жөнүндө сүйлөшүлөр жүргүзүлүп, макулдашылды.

Ошондой эле дагы бир жолугушуубуз ТРнын Диний башкармалыгынын Конья облустук муфтиятынын жетекчилиги менен болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия мамлекетинин диний ишмердүүлүк жүргүзүү системасы боюнча кеңири маалымат берилди жана БатМУнун базасында ачууну пландап жаткан дин таануу (теология) факультетин колдоого алуусун белгилешти.