Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов баш болгон жамаат учурда Түркия Республикасында илимий иш сапары менен жүрөт.

Иш сапар алгач Түркиянын Конья шаарында жайгашкан улуу ойчул, даанышман Мевлана Жалал ад-Дин Руминин күмбөзүнө зыярат кылуу менен башталып, Конья шаарында окуп жаткан кыргыз студенттерге моралдык-материалдык жардамын берип келген “Достэли” фондунун жетекчилиги менен жолушуу болду.

Мындан сырткары Нежметтин Эрбакан университет жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу талкууланып, келишимге кол коюу макулдашылды.