“Бүтүрүүчүлөрдүн илимий ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жана чет өлкөдө улантуу мүмкүнчүлүктөрү ( магистратура, докторантура)”

2023-жылдын 12-октябрь күнү БатМУнун башкы мекемесинде “Бүтүрүүчүлөрдүн илимий ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жана чет өлкөдө улантуу мүмкүнчүлүктөрү ( магистратура, докторантура)”  аттуу темада  семинар өткөрүлдү. Аны “Социалдык- экономикалык жана укук”  кафедрасынын окутуучусу, PhD  Шабиева Нуржан өттү.

Семинарда  “бакалавр” даражасынан кийинки илимий кадамдар, магистратуранын артыкчылыктары, Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү магистратуранын гранттык программалары, бекер окуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалыматтар берилди. Окутуунун соңунда бүтүрүүчүлөр кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Илимий билимдерге ачык жеткиликтүүлүк (open access)

2023-жылдын 27-октябрь күнү БатМУнун башкы мекемесинде “Илимий билимдерге ачык жеткиликтүүлүк” аттуу темада семинар “Сапат жана карьера” бөлүмү жана борборлоштурулган китепкана тарабынан өткөрүлдү. Анда ачык жеткиликтүүлүк кыймылнын пайда болушу, учурдагы абалы, артыкчылыктары, Ачык жеткиликтүү журналдардын каталогу DOAJ, ROARMAP платформалары боюнча кеңири маалымат берилди.

Андан кийин Creative Commons ачык лицензиялар боюнча түшүндүрүлүп, андагы негизги элементтер боюнча DOAJ электрондук каталогунда көнүгүүлөр онлайн аткарылды.

Семинардын соңунда Кыргыз республикасындагы ачык жеткиликтүүлүк, автордук жана интеллектуалдык менчик укуктары боюнча талкуу жүрдү.

Белгилей кетсек, Илимий басма жана академиялык ресурстар коалициясы (SPARC) тарабынан демилгеленген “Ачык жеткиликтүүлүк” жумалыгынын алкагында уюштурулду.

Чет өлкөлөрдөгү бош орундар жарманкеси

2023-жылдын 4-декабрында БатМУда “Чет өлкөлөрдөгү вакансиялар” жарманкеси болуп өттү. Жарманке КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, БатМУнун сапат жана карьера бөлүмү жана Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте БатМУнун базасында уюштурулду. Анда www.migrant.kg сайты, коопсуз миграция жана чет өлкөлөрдөгү бош орундар жарманкесине катталуу, Россия Федерациясына кирүүгө убактылуу чектөөлөрдүн болушун текшерүү (кара тизме), чет өлкөгө кетер алдындагы даярдык ж.б.лар тууралуу кенен маалыматтар айтылды. Жакынкы күндөрдө migrant.kg мобилдик тиркемеси колдонууга чыгат. Аны play market тен көчүрүп алса болот. Ал жаңы өлкөдө интеграция процессин жөнөкөйлөтүп, укуктар, тил ресурстары жана социалдык-маданий адаптация жөнүндө маалыматка ыңгайлуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Жарманкеге жарандарды чет өлкөгө жумуш менен камсыз кылуучу бир канча жеке агенттиктер катышты.

Заманбап кесиптер. Учурдагы көп талап кылынган жумуштар. Аралыктан окуу жана иштөө.

Бүгүн, 21-декабрь күнү Баткен мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрү  үчүн “Заманбап кесиптер. Учурдагы суроо-талап  көп талап кылынган жумуштар. Аралыктан окуу жана иштөө” темасында мастер-класс Баткен Жаштар Хабында, жаштар менен иштөөчү адис Гайнаев Дастан тарабынан өтүлдү. Мастер-класста жумушка кирүүдөгү алгачкы кадамдар: Резюмени туура толтуруу, практика, такшалтмадан өтүү, ыктыярчылык боюнча деталдуу маалыматтарга кеңири токтолду. Ошондой эле 2030-жылга чейинки изилдөөлөр боюнча актуалдуу боло турчу сегиз кесипти баса белгилеп өттү: СММ, Графикалык дизайн, Моушн дизайн, Мобилограф, Санариптик коопсуздук адистери, Фермер, Агроном, Ветеринар, Гейм дизайнерлер, Биоинженерлер. Жоголуп бара жаткан кесиптер туурасында да студенттерге кеңири маалыматтар берилди. Азыркы учурда жаштар кайсы кесиптерде аралыктан иштесе болоорун, кайсы кесиптерге суроо-талап жогору, замандын талабына ылайык адис кандай көндүмдөргө ээ болушу керектиги жөнүндөгү маалыматтарды дагы кеңири айтып берди. Мастер-класс жандуу суроо-жооптор менен коштолду. Студенттер активдүү катышып, бүгүнкү тема боюнча Жаштар Хабынын ишмердүүлүгү боюнча кызыккан суроолоруна жооп алышты. Соңунда Жаштар Хабы тарабынан уюштурулган ар кандай иш-чараларга, окутууларга студенттердин катышса болоорун баса белгилеп өттү.

БҮТҮРҮҮЧҮЛөР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

2023-жылдын 26-сентябрь күнү БатМУнун 2023-2024-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда карьера борбору тууралуу маалымат берилди жана бүтүрүүчүлөр үчүн маалымат булактары айтылды. Андан кийин бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусунда пайда болгон көйгөйлөрдү билүү максатында анкеталык сурамжылоо жүргүзүлдү.

ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ЭКСКУРСИЯ УЮШТУРУЛДУ

24-мартта БатМУнун бүтүрүүчүлөрүнө “Финансылык сабаттуулук” аттуу темада Сапат жана карьера бөлүмү тарабынан экскурсия Баткен шаарындагы “Айыл Банктын” башкы мекемесинде уюштурулду.

Экскурсияда банктык продуктылар, жеңилдетилген насыя, жана депозиттер тууралуу кенен маалыматтар берилди. Ошондой эле электрондук тиркемелер, төлөмдөрдү аткаруу, ГИК аркылуу ипотека алуунун шарттары, банкка жумушка орношуунун шарттары, стажтировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуу болду.

Экскурсия гибириддик форматта өткөрүлүп онлайн суроолорго дагы толук жооптор берилди.

Резюмени туура жазуу боюнча семинар

Баткен мамлекеттик университетинде бүтүрүүчүлөргө ишкердикти колдоо борборунун юрист-консультанты Мирлан Давляев “Эмгек кодекси. Жумушка жайгашуудагы юридикалык нюанстар” темасында семинар өттү. Семинардан студенттер жаш адистердин жумушка жайгашуудагы, иштөөдө укуктары жана милдеттери тууралуу кенен маалыматтарды алышты.

БатМУнун сапат жана карьера бөлүмү тарабынан БатМУнун бүтүрүүчүлөрүн элге тааныштыруу, алар тууралуу кеңири маалыматты топтоо, бүтүрүүчүлөр менен университеттин байланышын бекемдөө максатында сыймыктуу бүтүрүүчүлөр блогу уюштурулду. БатМУда окуп, бүтүп өз кесиби менен турмуштан ордун тапкан сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдү БатМУнун официалдуу сайтына, социалдык баракчаларга маалымат  чыгарууну колго алды. Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдүн маалыматтары кезеги менен БатМУнуну сайтына, Фейсбук социалдык баракчасына чыгарылып жатат.

Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде 9-февраль күнү Бакалаврдан кийинки магистратура, докторантурага тапшырууда “Окууга тапшырууда мотивациялык кат жазуу” темасында семинар болуп өттү.  Мотивациялык катты жазууну үйрөнүү менен стипендиялык гранттарды утуп алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул бүтүрүүчүлөрдүн илимий жолун мындан ары улантуусуна жол ачат.

 2023-жылдын 3-февралында БатМУнун башкы мекемесинде бүтүрүүчүлөр үчүн  магистратура, докторантурага тапшыруучулар үчүн “Бүтүрүүчүлөрдүн илимий ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жана чет өлкөдө улантуу мүмкүнчүлүктөрү” темасында семинар болуп өттү. Семинардын максаты бакалаврдан кийинки магистратура, докторантурага Кыргызстанда жана чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүктөрү, магистратуранын стипендиялык программалары боюнча маалымат берилди. Келечектеги жаш адистер илимий ишин улантуу менен атаандаштыкка туруктуу кадр болуусу маанилүү. Бул семинарда магистратурада кандай артыкчылыктары бар, кантип бекер Кыргызстанда жана чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен айтылды.

2022-жылдын 26-декабрында  БатМУнун күндүзгү жана сырткы бөлүмдө окуган бүтүрүүчүлөргө “Nearpod” – онлайн презентация жана өз ара аракеттенүү платформасы” аттуу семинар сабак өткөрүлдү. Аны БатМУнун СжКБнын башчысы, п.и.к, доцент Эргешали кызы Айчүрөк өттү. Семинардын биринчи бөлүгүндө NEARPOD платформасына катталуу, сабактардын контентин жасоо, анын жыйынтыгын отчет бөлүгүндө көрүү, өздүк китепкананы толтуруу, кайсы бир багыт боюнча билимди текшерүү, бөлүм жыйынтыктоодо жана башкалар боюнча теориялык маалыматтар кеңири берилди. Экинчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөр өздөрү жасаган сабактын контентин практика жүзүндө аткарышты. Семинардын жүрүшүндө БатМУнун ректору э.и.д., профессор Айдар Токторович Гыязов бүтүрүүчүлөр үчүн семинарлардын пландуу уюшулуп жаткандыгын жана бүтүрүүчүлөргө бул мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуп алыштарыны айтып өттү

2022-жылдын 22-декабрында БатМУнун күндүзгү жана сырткы бөлүмдө окуган бүтүрүүчүлөргө “Заманбап педагог” аттуу семинар сабак өткөрүлдү. Аны Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, тарых мугалими Авлиёев Фуркат өттү. Семинарда учурдун талабындагы педагогдор кандай болуусу керек? Педагогикалык кесиптин артыкчылыгы, билим берүү мекемелеринде татыктуу иштөө, өз кесибин сүйүү ж.б. тууралу маек болду.

 2022-жылдын 15-декабрында БатМУнун күндүзгү жана сырткы бөлүмдө окуган бүтүрүүчүлөргө “Окутуунун инновациялык инструменти – Canva онлайн платформасы” аттуу семинар сабак өткөрүлдү. Аны БатМУнун СжКБнын башчысы, п.и.к, доцент Эргешали кызы Айчүрөк өттү. Технологиянын тынымсыз өнүгүп жаткан мезгилинде кайсы бир кесиптин ээси болуу жетишсиз. Келечектеги жаш адистер ар тараптан өнүгүүсү кажет. Бул семинарда Канваны колдонуу менен жаш муундарды окутууда визуалдык материалды оригиналдуу түрдө жасоо көндүмүнө ээ болушту

Иш чарага шилтеме

“Окутуунун инновациялык инструменти – Canva онлайн платформасы”

15-декабрда БатМУнун башкы мекемесинде бүтүрүүчүлөр үчүн “Окутуунун инновациялык инструменти – Canva онлайн платформасы” аттуу семинар болуп өттү. Сабак “Нейрографика” оюнун ойноо менен башталып, аны Сапат жана карьера бөлүмүнүн башчысы, п.и.к, доцент Эргешали кызы Айчүрөк өттү.Семинардын биринчи бөлүгүндө Canva платформасына катталуу, анын функциялары, колдонуу тартиби, артыкчылыктары, кемчиликтери, шаблондор менен иштөө жолдору ж.б. лар боюнча кеңири маалымат берилип, экинчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөр сабакта үйрөнгөн көндүмдөрүн практика жүзүндө аткарышты.

2022-жылдын 10-ноябрында БатМУнун бүтүрүүчүлөрү PEAK OSH бизнес инновацияларды өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган “Youtube платформасында өнүгүү вебинарына катышышты. Вебинар гибриддик формада өтүп, анда Ютуб платформасында кантип бизнести өнүктүрүү керек, видео-көрүүлөрдү көтөрүү жолдору, Ютубдагы заманбап тренддер ж.б лар боюнча кенен маалымат айтылды.

Иш чарадан скриншот

4-ноябрь 2022-жылы окуу-түзүмдүк бөлүмдөргө бүтүрүүчүлөр ассоциациясын түзүүгө маалымматтарды чогултууга маалым кат жөнөтүлдү

Бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу максатында жана ишканаларды университеттин окуу процессине тартуу үчүн бир топ ишканалар менен келишимдер түзүлдү.