29-апрелде КРнын Билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашевич Баткен мамлекеттик университетине делегациялык топ менен келди.

Министр БатМУнун жетишкендиктери, студенттик стартап жана окутуучулардын, студенттердин ийгиликтери, эмгектери боюнча уюштурулган көргөзмө менен таанышты.

Ошондой эле, БатМУнун окутуучулар жамааты жана жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери менен жолугуп, аймактагы билим берүү тармагындагы маселелер боюнча талкуу болду.

Жолугушууда министр Каныбек Иманалиев: – “Шаарды шаар кылган – бул университет. Айдар Токторовичтин эмгеги менен окуу жайдын бюджети 2 жыл ичинде 2 эсе өсүптүр. Баткен мамлекеттик университетинин базасында медициналык колледж, багыттар боюнча аспирантура бөлүмүн ачабыз. Келерки жылы Кыргызстан боюнча мугалимдердин курултайын Баткенде өткөрөбүз. БатМУ башка окуу жайларга караганда өнүгүү жолуна түшүп, билим сапаты, санариптешүү багытында дээрлик көп окуу жайлардан алдыда экендиги көңүл кубантат. Биз дагы мындай өнүгүүлөргө колдоо көрсөтөбүз. Буюрса БатМУда кытай тили боюнча бөлүм ачылат. Улуттун духун көтөрүү үчүн курстарды уюштуруу керек. Ошондуктан окуу жайда ТУМО программасынын тажрыйбасын жайылтууну ишке ашырабыз. Мындан тышкары БатМУнун педагогикалык тармагына бюджеттик орундарды көбөйтөбүз.”,-деди.

Андан соң, министрликтен келген делегациялык топ БатМУнун алдындагы “Айгүл-Тоо” музей комплексинде саякатта болду.