2023-жылдын 24-майында Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана Баткен мамлекеттик университетинин А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту  тарабынан «Кесиптик бош орундар жарманкеси» өткөрүлдү.

Бул иш-чара  Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш.Абдыжапаров, Сүлүктү шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Р.М.Жайнаков,  шаардык эмгек, БатМУнун А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин директору А.К.Камбаров, Сулукту шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы У.И.Акимбеков жана башка мекеме ишканалардын жетекчилери, өкүлдөрүнүн  катышуусунда өттү.

 Кесиптик бош орундар жарманкенин өтүлүшү Сүлүктү шаарындагы жумуш берүүчүлөр, жумуш издөөчүлөр жана бүтүрүүчү студенттер үчүн мааниси чоң иш чара болуп эсептелет. Бош орундар жарманкеде Сүлүктү шаары боюнча 18 жумуш берүүчүлөр катышышты. Жалпы 289 кесиптик бош жумуш орундарды сунушталып, анын ичинен 160 бош жумуш орду «Жер астындагы өткөөлчү»  кесиби, 14 орунга  «Медицина кызматкерлери», 19 орунга «Мугалимдер» жана башка ишкана мекемелерге ар түрдүү кесиптер. Ошондой эле, «кесиптик багыт берүү» иш чарасына ылайык, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына кесипке багыт берип, тиешелүү кеп кенештер, маалыматтар берилди.

Кесиптик бош орундар жарманкесин институтубуздун студенттик курам боюнча бөлүмүнүн карьера жана диплом боюнча адиси Сейтмуратова Асалбүбү Жолдошевна уюштурууга катышты.

Ошондой эле, жарманкеде БатМУнун А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин эмгек жамааты жана  бүтүрүүчү студенттер катышып, бош орундар боюнча маалымат алышты.

 Мындай иш чаралардын уюштурулуп өткөрүлүүсү окуу жайыбыздын коомчулук менен байланышын ар тараптан өнүктүрүп, кызматташууга ыңгайлуу шарт түзүлүп, бүтүрүүчү студенттер үчүн жана даярдалуучу адистиктердин окуу программаларын кароодо чоң мааниге ээ болгон негизги иш чаралардын бири болуп эсептелет.