31-октябрда БатМУнун Көп тармактуу колледжинде “Чет тили” адистигинин 1-2-3–курсунун студенттеринин арасында Halloween майрамы белгиленди. Түрдүү боёк менен боёлгон студенттер окутуучуларга, студенттерге майрамдык маанай тартуулашты. Шаңдуу ыр-бий менен коштолгон кечеде өзгөчө формасы менен айырмаланган студенттер Мактоо баракчалары менен сыйланышты