2024-жылдын 22-январь күнү Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында аймактардын 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, ЖОЖдун ректорлору жана Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор Гыязов Айдарбек Токторович катышты.

Мында, 2023-жылдагы отчёттору берилип, аймактагы окуу жайлардын ректорлорунун жана тиешелүү облус жетекчилери үчүн өнүгүү стратегиясынын илимий көз караштары боюнча презентациялар жасалып, талкууланды.

Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор Гыязов Айдарбек Токторович “Баткен облусунун өнүгүү стратегиясы Баткен мамлекеттик университетинин көз карашында” аталышында баяндама жасады.