11-январь, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Erasmus+ долбоорунун ачылуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор Гыязов Айдарбек Токторович, ЖОЖдордун ректорлору катышышты.

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун жашыл саясатты жүргүзүү жана санариптештирүү моделин түзүү боюнча Erasmus+ программасынын “Жашыл жана санарип университет” долбоорунун концорциумуна Баткен мамлекеттик университети мүчө болуп, өзүнүн 24 жылдык тарыхында биринчи жолу Erasmus+ долбоорлоруна катышууда.

Аталган долбоорго мүчө болуу, БатМУ үчүн чоң жетишкендик. Анткени бул долбоор аркылуу Баткен мамлекеттик университети Европанын бир канча ЖОЖдорунун жашыл жана санарип тажрыйбалары менен таанышууга, ошол тажрыйбаларды университетте ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Европа өлкөлөрүнөн Германиянын Гамбург колдонмо илимдер университети жана Литвадан Вильнюс университеттери консорциумдун мүчөсү болуп 3 жыл аралыгында иш алып барылат.