2024-жылдын 7-февралында Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов менен “Евро Сервис групп” тамчылатып сугаруу системаларын долбоорлоо, суу кампаларын куруу, фильтр системарын орнотуу ишканасы менен эки тараптуу келишим түздү.

БатМунун инновациялык агро борбору менен тараптар төмөнкү иш-чараларды уюштуруу боюнча биргелешкен чараларды көрүшөт:

Агробизнес жана жашыл экономика тармагында кыска мөөнөттүү окуу курстары;

Жашыл экономикага байланыштуу чөйрөлөр боюнча тренингдер;

Агробизнести өнүктүрүү боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү ж.б.