2024-жылдын 8-февралында Окумуштуулар Кеңешинин 4-отуруму болуп өттү. Отурум БатМУнун кандидаттарынын дагы бирөөгө толукталуусу менен, БатМУ КТЭУИнин окутуучусу Турсунбекова Саадат Микарамовна педагогика боюнча кандидаттык диссертациялык ишин ийгиликтүү коргогондугуна байланыштуу, төрага БатМУнун өздүк эсебинен берилүүчү 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндөгү сый акыны дипломуна кошо тапшырып, жалпы жамаат кызуу куттукташты. Андан кийин БатМУнун М.М.Тайиров атындагы КГПИнин директору, т.и.к. Бердиев Асан Токсоновичке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын Ыраазычылык каты тапшырылды. “Баткен-Ыйман” гимназиясынын мугалими Бунед Хакимов таэквондо боюнча машыктыруучу Баткен районунун акими У.Жоробаевдин Ардак грамотасы менен сыйланды. Окумуштуулар Кеңешинин отурумунун күн тартибиндеги 1-маселе Илим жана уюштуруу иштери боюнча проректор, б.и.к. А.А.Саматова 2023-календарлык жыл боюнча отчёту жана 2024-жылга карата коюлган пландары менен тааныштырып өттү. Бул маселеде БатМУнун ички долбоорлору боюнча, докторлук диссертациялык иштерди коргоо боюнча, кандидаттык диссертациялык иштерди коргоо боюнча, илимий макалаларды сайттарга жарыялоо боюнча, гриф менен китеп чыгаруу боюнча кызуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында БатМУнун ички 5 илимий долбоорун бекитүү жөнүндө, докторлук диссертациялык иштерин коргогондор үчүн – 200 000 эки жүз миң) сом, кандидаттык диссертациялык ишин ийгиликтүү коргогондорго – 70 000 (жетимиш миң) сом, доцент окумуштуулук наамын алгандарга – 40 000 (кырк миң) сом, профессор наамын алгандарга – 60 000 (алтымыш миң) сом, SCOPUS жана WOS илимий сайттарына макала жарыялагандар үчүн- 20 000 (жыйырма миң) сом, монографиясын чыгаргандар үчүн – 40 000 (кырк миң) сом, КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифтери менен чыгарылган китептердин авторлоруна – 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндөгү бир гана жолу берилүүчү сый акылар бекитилип, БатМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешине сунушталды. БатМУнун Финансы жана чарба иштери боюнча проректору, э.и.к. М.М.Үсөнов 2023-календарлык жылга отчётун жана 2024-жылга карата түзүлгөн сметалар боюнча маалымат берди. 2024-жылга карата планга коюлган сатып-алуулар боюнча, курулуш иштери боюнча, спорт зал, спорт аянтчаларын, ажатканаларды куруу боюнча жана жатаканаларды бүтүрүп, пайдаланууга берүү боюнча, профессордук-окутуучулар курамынын айлык маяналарын көтөрүү үчүн Жобо иштеп чыгуу боюнча маселелер кызуу талкууга алынып, токтомдор бекитилди. Бирдиктүү комиссиянын төрагасы, т.и.к. А.Т.Бердиев БатМУнун башкы мекемесининдеги Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетиндеги жүргүзүп жаткан иштериндеги ийгиликтерин белгилеп, кемчиликтери боюнча сунуштарын айтып өттү. Мындан сырткары Ар түрдүү маселеде БатМУнун М.М.Тайиров атындагы КГПИнин “Кызыл-Кыя-Ыйман” гимназиясына ысым ыйгаруу боюнча маселе талкууланып, окуу процессине тиешелүү бир топ Жоболор бекитилип, “БатМУ Ардактуу профессор” наамына 4 окумуштуу-профессорлор көрсөтүлдү. Ошондой эле КРнын Министрлер кабинетинин 9.01.2024-жылдагы протоколдук тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча Мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча бөлүм түзүлүп, студенттердин курстук жана квалификациялык иштерин жазууда аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча темалар киргизүү милдеттендирилди.