2024-жылдын 27-февралында Баткен мамлекеттик университетинин чоң залында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча институтунун директору педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.Д.Токтомаметов Баткен мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору, биология илимдеринин кандидаты, профессор Миралы кызы Анара, Баткен облусттук билим берүү округунун төрагасынын орун басары А. Сеитбурханов менен биргеликте мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окуу- тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары, соцпедагогдор, аскерге чейинки даярдоо мугалимдери, Баткен мамлекеттик университетинин мугалимдер жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча институту менен БатМУнун ортосунда келишимге кол коюлду. 2024-2025-жылдар аралыгында мугалимдер үчүн кыска мөөнөттө кошумча билим алуу мүкүнчүлүгү жаралып жатканы белгиленди. Бул окуунун негизги артыкчылыгы мурдагы алган адистиги менен кийинки алган адистиги менен да иштөөгө абдан зор мүмкүндүк берет. А. Д. Токтомаметовдун ” Мен канткенде мыкты мугалим боло алам”- деген темада өтүлгөн лекциясы көптөгөн кызыгууну жаратып, катышуучулардын купулуна толду.