2024-жылдын 21-февраль күнү, Бишкек шаарында “Жаш Табышкер долбоордун аяктоосуна арналган жыйынтыктоо жана өнүгүүнүн жаңы перспективалары” аттуу иш-чара болуп өттү.

Ага бир канча министрликтин өкүлдөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, бизнес жана айыл чарба бирикмелеринин жетекчилери, долбоордун бенефициарлары, Эл аралык уюмдарынын жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү, Баткен мамлекеттик университетинин Экономика жана чарба иштери боюнча проректору, э.и.к., М.Усонов, Агро борборунун координатору А.Кунназаровдор катышышты.

Иш-чаранын алкагында долбоордун бенефициарларынын эмгектеринин презентациясы, панелдик талкуулар жана ишкерлер жарманкеси, жаштар менен иштеген уюмдардын эмгектеринин фото көргөзмөлөрү коюлду.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын сентябрынан тартып, Enactus Кыргызстан Европа Биримдигинин Демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо программасынын каржылык колдоосу менен “Жаш Табышкер” долбоорун ишке ашырган. Анда БатМУда Инновациялык агро борбор ачылып, 2 жыл ичинде ИАБдо 200дөн ашуун жемиштүү иш-чаралар өтүлгөн.

Долбоордун максаты жаштарга, кыздарга жана аярлуу топторго ТӨМгө (ЦУР) жооп берген жана адам укуктарын коргогон жашыл технологиялар тармагында ишке орношуу маселелеринде туруктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат. Долбоор Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылган.

“Жаш табышкер” долбоорунун алкагында Кыргызстандын алты облусунда 15 айыл чарба ишкери, жаштар менен иштеген уюмдардын 5 демилгеси каржыланып, өлкөнүн 6 аймактык университетинде 6 инновациялык айыл чарба борборлору ачылган.

Ал өнүгүүгө жана долбоорго салым кошкон:

  • – айылдык жаштардын кызыкчылыгында региондук программаларды жана демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • – жаштардын укуктары жана керектөөлөрү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу;
  • – ишкердик көндүмдөрүн жана волонтерлукту, жарандык катышууну жана жаштардын биримдигин өнүктүрүү;
  • – жаштардын кызыкчылыгында мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин жана моделдерин киргизүү;
  • – жаштардын кызыкчылыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;
  • -чечимдерди кабыл алуу процесстерине жаштарды тартуу.