Кесиптик-базалык практика 2024-жылдын 12- февралынан 9- мартка чейин болду. 3- курстун күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттер практикада алган билимдерин көрсөтүштү. Окуу- маалымат департаментинин жетектөөчү адиси-Дүйшөев Эмилбек Каримович жалпы кесиптик- базалык практика боюнча отчётун берип өттү. Конференцияда, БатМУнун окуу иштери боюнча проректору б.и.к., доцент Миралы кызы Анара, практиканттарга кеңешин айтып, жакшы өтөп келген практиканттарды куттуктады.Конференцияны өткөрүүнүн максаты: Практиканын жыйынтыгын чыгаруу, баалоо, мындан ары практиканы жакшыртуу үчүн сунуш, пикирлерди угуу, талкуулоо, тиешелүү документациялык иш кагаздарын кабыл алуу.Тажрыйба алмашуу: Студенттердин практика учурунда жетишкен ийгиликтери жана кемчиликтери, урунтуу окуялары, көйгөйлүү жагдайлары эскерилип, алар боюнча талкуу жүрдү.Ошондой эле ар бир адистиктен студенттер чыгышып, практикадан алган таасирлери тууралуу ой бөлүшүштү.Конференциянын жүрүшүндө: Студенттер теориялык жактан алган билимдерин практикада кандай колдонгонун, уюшулган көрсөтмө куралдардын көргөзмөсүнүн, студенттер аткарган ар кыл тапшырмалардын презентациялардын жыйынтыгы чыгарылып,ар бир адистик боюнча практиканттардын мыктысы аныкталды. Жыйынтыгында төмөнкү студенттерге :- “Мыкты практикант” наамы ыйгарылды. Валиева Гулнур Б-1-21 тайпасынын студенти, Садирдинова Нурия Т-1-21 тайпасынын студенти, Ууларбек кызы Самара А-1-21 тайпасынын студенти, Сүйүн кызы Жүмагүл П-1-21 тайпасынын студенти.