Баткен облусунун атынан, Баткен мамлекеттик университетинин студенти, студенттик акыйкатчысы аппаратынын төрагасы Абдырахманов Досумбек катышты. Семинардын максаты – туруктуу келечекти түзүүгө салым кошуу максатында делегаттар ортосунда билим, тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн жаштар тармагын түзүү.Бул иш-чаранын жүрүшүндө санариптик технологиялар менен жашыл демилгелердин өз ара байланышы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, негизги чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр аныкталып, идеяларды ишке ашыруу үчүн делегаттардын жеке пландары иштелип чыкты.Ошондой эле семинардын акыркы күнүндө Европа Биримдигинин резиденциясында, элчи Мэрилин Йозефсон 14 жаш делегатка күбөлүк жана төш белгилерди өзү тапшырды.Жыйынтыктап айтканда, делегаттар жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү гана эмес, ошондой эле өздөрүнүн долбоорлорун ишке ашыруу үчүн шыктанышты жана иштелип чыккан долбоорлорду мындан ары өздөрүнүн жергиликтүү жамааттарында ишке ашыруу боюнча демилгелерди алышты.