Улуу лидерге арналган конференцияны Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Осмонбеков Канымет Бийзакович ачып, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, генерал-майор Алимбаев Абдикарим Карбековичке сөз берилди. Ал өз сөзүндө улуу инсандын чыныгы залкар саясий жана мамлекеттик жолбашчылыгы, жасап кеткен иштери, эмгектерине кеңири токтолуп өттү.Аталган конференциянын жүрүшүндө БатМУнун ректору, э.и.д., профессор, конференциянын модератору Айдарбек Токторович Гыязов конференциянын жүрүшүн тааныштырып өттү.Конференцияда төмөнкүдөй илимий баяндамалар окулду:1. Эралиев Ысмайыл Сарыбаевич, КР Эмгек сиңирген мугалими, БатМУнун А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин доценти “И.Раззаков Кыргыз элинин улуу инсаны”;2. Каримов Жоошбай, КР Эмгек сиңирген мугалими, “И.Раззаковдун кыргыз келечегиндеги орду”;3. Курбанов Абдукаюм Давлятович БатМУнун А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин профессору, т.и.к.,”И.Раззаков-достуктун символу”;4. Узакбай уулу Кайратбек БатМУнун “Сүлүктү Ыйман” гимназиясынын окутуучусу “Улуу инсан И.Раззаков жөнүндө бейнелер”.Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун, Раззаков шаарынын, Сүлүктү шаарынын акимдери, мекеме ишкана жетекчилери, улуу инсандын жердештери катышкан конференциянын жыйынтыгында КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, генерал- майор Алимбаев Абдикарим Карбекович баяндамачыларга, катышуучуларга ыраазычылык билдирип, И.Раззаков жөнүндө, анын кызы Элмира Исхаковна менен болгон маектери менен бөлүшүп, конференция жыйынтыкталды.Улуу инсан И.Раззаковдун ысмын, арбагын сыйлап туруу жаш муундарга туура тарбия берүүдө, патриоттук сезимдерин күчөтүүдө чоң мааниге ээ.