Бүгүнкү рубрикабызда БатМУнун 2015-жылкы бүтүрүүчүсү, Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин директору Салимбай уулу Адилет менен болгон маекти сунуштайбыз.1. Сөздү алгач өзүңүз жөнүндө баштасак, жогорку окуу жайда кайсы адистикти бүтүргөнсүз? Бул кесипти кандай тандап калдыңыз эле?- 2010-2015-жылдары БатМУнун кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөм. Мектепте бардык сабактардан агай-эжейлерди капа кылбай, жакшы окууга аракет кылдык. Ошонун арты менен мугалимдик кесипке тапшырып, жаш муунга билим берүүнүн үстүндө иштеп келе жатабыз.2. Кесиптик ишмердүүлүгүңүз, эмгек жолуңуз, андагы сиз багындырган ийгиликтер?- Биринчиден, мага тарбия берген ата-энеме, мектепте, университетте билим берген агай-эжекейлериме, жашоодо багыт берген санаалаш ага-эжелерге, досторго терең ыраазычылык билдиргим келет. Эмгек жолума кайрылсак, 2015-жылы 19-майда 2019-жылга чейин Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты болуп шайландым. Ошол эле жылы университетти аяктап, Баткен районунун Чарбак айылында А.Топчуев атындагы орто мектебинде мугалим болуп ишке кабыл алындым. 2016-жылы Баткен шаарында Баткен аймактык колледжинде (азыркы Баткен педагогикалык колледжи) кесибим боюнча иштедим. 2019-жылы “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунда “Толеранттуулук жана демократия элчилери” долбоорунун стажеру болуп, Германия мамлекетинде жаштар багытында тажрыйба алмашып келдим. 2019-2021-жылдары Баткен районунун мамлекеттик администрациясында Өнөр жай, архитектура, курулуш, экономика, финансы, айыл чарба жана инвестиция секторунда жетектөөчү адис, 2019-2022-жылдары Баткен райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис, усулчу кызматтарын аркаладым. Азыркы учурда Кызыл-Жол орто мектебинде жетекчилик кызматты аркалап, колубуздан келишинче иштеп жатабыз.3. БатМУнун сиздин жашооңузда орду кандай? Студенттик күндөрдөн кызыктуу окуялар- БатМУнун орду абдан зор. Университетте 5 жыл күндүзгү бөлүмдө окудум. Окуп жүргөндө окуудан сырткары, маданий иш чараларга, спорттук мелдештерге, олимпиадаларга көп катышчу элек. Студенттердин колдоосу менен студенттер кеңешинин төрагасы болуп тажрыйба топтодум. Ыктыярчы болуп эл аралык уюмдарда кошумча билимдерди (дебат, лидерлик, долбоор жазуу, чыр-чатактын алдын алуу, журналистика ж.б.) алдык. 4. Сиздин көз карашыңызда ийгиликтүү карьера куруу үчүн, азыркы жаш адистер кандай көндүмдөргө ээ болушу керек?- Азыр дүйнө башка нукта өнүгүүдө. Технология болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, адамзаттын шаштысын кетирип жаткандай. Ошондуктан, ар бирибиз заман талабына даяр болуп, изденип, алдыга умтулуп туруубуз зарыл. Студенттерге айтарым, сабакка келип кетүү, кечикпөө жоопкерчилик эмес. Ар ким өз окуусун, жумушун чыгармачылык менен аткарып, башка пайдалуу көндүмдөрдү үйрөнүүгө аракет жумшоо керек. Учурдун адиси бир нече тил билген, дүйнө таанымы кенен, санариптешкен, өз кесибинин кесипкөйү болсо, жумуш өзү издеп келет. Эң негизгиси адамдык сапаттан арылбасак…- Адилет Салимбаевич, биздин рубрикабызга берген маегиңиз жана баалуу кеңештериңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз. Бар болуңуз!