Семинарда педагогикалык билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек акыларынын билимине (жалпы орто билим, орто кесиптик билим, бакалавр/адис/магистр квалификациялары) жана кызмат ордунун аталышына (1-4-класстын, 5-11-класстарынын, 5 кошумча информатика, математика, физика, химия жана биология боюнча 5-11-класстарынын мугалимдери) жараша эсептелиниши, өргүү, ооруулуу өргүү, алмашуу сабактары, айкалыштырып иштөөдөгү, класс жетекчилик, дептер текшерүү үчүн төлөнгөн акылар тууралуу кенен маалыматтар айтылды.Семинардын жүрүшүндө билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндөгү токтомго киргизилген өзгөртүүлөр, эмгек акынын эмгек стажына карата төлөнүшү, эмгекке жарамсыздык, мугалимдин ставкасына эселөө коэффиценти тууралуу айтылып, мисал катары келечектеги педагогдордун болжолдуу эмгек акысын практика жүзүндө эсептеп беришти.Ошондой эле КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары жөнүндө да маалыматтар айтылды.Семинар жандуу суроо-жооптор менен коштолду. Студенттер өздөрүнө керек болгон бардык суроолоруна жооп алышты. Соңунда бардык педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысын берүүдө КРнын Министрлер Кабинетинин токтомдору сакталаарын белгилеп өтүштү.Бүгүнкү семинарга өз убактыларын бөлүп, бүтүрүүчүлөр менен баалуу маалыматтарды бөлүшкөнү үчүн семинардын тренерлери Зебиниса Мурзакаримова, Ахмед Аскарбековдорго ыраазычылык билдиребиз